75 кишинин каты: "Мен нааразымын. Тогуз жылдан сурады"

29-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин иши" деп аталган иштин кезектеги соттук отурумунда жарыш сөз башталды. Отурумда прокурорлор шектүүлөргө тогуз жылдан абак жазасын берүүнү сурады.
Прокурорлор тогуз жылдан абак жазасы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп беришкен жок:
"Өкүмдү чыгарганда окуйсуздар да. Биз эч нерсени айта албайбыз. Билесиздер, соттук отурум жабык тартипте өтүп жатат".
Бул сот ишин судья Азирет Медеров алып барууда.
Адвокат Икрамидин Айткулов, буга чейин билдиргендей, түшкө чейинки жараянда Камчыбек Ташиев прокурорлорду айыптан баш тартууга чакырган. Жактоочулардын баары аны кубатташкан.
Ал эми айыпталуучулардын жактоочулары тогуз жылга кесүүнү туура эмес дешет.
"Мен нааразымын. Тогуз жылдан сурады. "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери деп туруп, эч кандай далили жок эле. Айыптоо актысын алардын жогорудагы жетекчилерин жазып берген. Алар ага каршы чыга албайт. Биз өзүбүздүн пикирлерибизди кийинки отурумда айтабыз", - деди экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулунун адвокаты Латыпбек Нуралиев.
Ал эми Нурланбек Тургунбек уулу буга чейин айыптоолорду четке каккан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Мен өзүм бийликте туруп, бийлигимди басып аламбы. Сен айткандай, өзүм экинчи адам болуп турсам. Мунун баары абсурд", - деген Нурланбек Тургунбек уулу.
Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул кылмыш иши боюнча жалпысынан сегиз мурдагы жогорку кызматтагы аткаминер жана саясатчы айыпталууда. Аларга "бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.
Бийликти күч менен басып алуу Кылмыш-жаза кодексинде оор берене болуп саналат.
Учурда айыпталуучулардын ичинен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу соттун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде эркиндикте жүрүшөт.
Ал эми калган беш шектүү үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан бери камакта кармалууда. Алар: мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев.
Жактоочулардын маалыматына караганда, Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев иште негизги фигуранттар же уюштуруучулар катары өтүп жатат. Бирок алар эркиндикте, эч жакка чыкпоо жөнүндө тил катка кол коюшкан. Жөнөкөйлөштүрүп айтсак, калган бешөө "кызмат абалынан кыянат пайдаланып бийликти күч менен басып алууну көздөгөн" делген адамдарга көмөк көрсөтүшкөн деп айтыпталышууда.
Бул ишке ИИМ тергөө учурунда жашыруун деген мөөр баскан. Сот аны колдогон. Ошондуктан жараян жабык өтүп баштаган. Бирок ортодо ал ачык өтүп баштап, кийин кайра жабык каралууда.
18-майда сот жараяны жаңы башталганда саясат талдоочулар иштин жабык каралышына бийлик да, Ташиев да кызыкдар болушу мүмкүн экенин божомолдошкон эле.
27-апрелде президент Садыр Жапаров "Кактус.Медиага" курган маегинде Жогорку Кеңештеги саясий интригаларга, "75чилердин катына" Камчыбек Ташиевдин тиешеси-бар жогун сот аныктай турганын айткан.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоо өткөрүү демилгеси камтылган 75 кишинин чуулгандуу кайрылуусуну парламентке кантип келип түшкөнүнүн чоо-жайы боюнча буга чейин парламентте маалымат берген.
"75 аксакал-көксакалдын каты боюнча коомчулукта кайрылуулар дагы деле болуп жатыптыр. Журналисттер да келип, депутаттардан сурап жатат. Депутаттар дагы менден көп сурап жатышат. Ал тууралуу жалпы маалымат берип коёюн. Менин биринчи эле иш күнүмдө ал кат кайсы жерде деген аныктаманы жүргүзгөнбүз. Анын алкагында ал кат дароо эле Конституциялык комитетке келип түшүп, кароого жиберилгени маалым болгон. Биз жагдайларды, эмне болгонун түшүнбөй, комиссия түзүү чечимин кабыл алганбыз. Менин тескемем менен ички комиссия түзүлгөн. Кагаз кантип бул жакка келгенин, кантип Конституциялык комитетке түшүп кеткенине чейин, бардыгын аныктап чыккан. Бүгүнкү күндө ал жыйынтык ИИМге берилген. Ал жакта тергөө өз жумушун алып барып жатат. Айтып кете турган нерсе – чын-чынына келгенде ал кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе эле бул жактан кадимкидей эле күтүп, тосуп алышкан. Процедура боюнча кат депутатка болсо депутатка, төрагага болсо төрагага болуп өз жолу менен кетет. Бирок ал катты мурдагы төраганын жардамчылары анын колуна алып барып беришкен. Андан соң ал тийиштүү тапшырмалар берилип, айтылган комитеттин кароосуна чейин бул маселе түшөт", - деген Марлен Маматалиев.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ташиевди кызматтан алардын алдында, 9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.
Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Башмыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.
ИИМ 9-февралда интернетте тараган мындай маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.
Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.
Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.
10-февралда Ташиев кызматтан алынып, президенттик шайоону жакын арада өткөрүүнү өтүнгөн катка кол койгон 75 адам суралып, бешөө камалгандан кийин президент Конституциялык сотко кайрылганы маалым.
Жөнөкөйлөштүрүп айтсак, Конституциялык сот Жапаровдун президенттик мөөнөтү 2027-жылы январда бүтөт жана ал экинчи жолу шайлоого катыша алат деп чечмелеп берген.
































