"Кыргыз алфавити өзгөрбөйт". Бийлик "Э" жана "Е" тамгалары боюнча талаш жараткан демилгеге жооп берди

Сүрөттүн булагы, social media
Кыргызстанда алфавитти өзгөртүү боюнча эч кандай расмий чечим жок. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштууларынын "Э" жана "Е" тамгаларына байланыштуу сунушу мамлекеттик деңгээлдеги демилге эмес экенин билдирди.
Ал мындай билдирүүну социалдык тармактарда кыргыз тилиндеги жазуу эрежелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу талкуулар күчөгөн чакта таратты.
"Акыркы күндөрү Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары кыргыз тилиндеги «Э» жана «Е» тамгаларына байланыштуу өзүнүн жеке сунушун коомдук талкууга чыгарган экен. Социалдык тармактарда бул маселе боюнча ар кандай пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, бул – жеке көз караш жана жеке демилге. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат. Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар, коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди коомчулукка чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар!" — деген Дайырбек Орунбеков 2-июлда Фейсбук баракчасына.

Сүрөттүн булагы, social media
Талаш эмнеден чыкты?
Талкуунун чордонунда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын эксперттик тобу тарабынан иштелип чыккан кыргыз тилинин жаңы жазуу эрежелеринин долбоору турат.
25-июнда Улуттук илимдер академиясында өткөн жыйында эксперттер кыргыз тилининин орфографиялык эрежелери жана ага сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулаган. Анын ичинде кыргыз сөздөрүндө тескери "Э" тамгасынын ордуна "Е" тамгасын колдонууну сунушу да айтылган. Ал эми "Э" тамгасын чет тилден кирген сөздөрдө колдонуу мурдагыдай эле кала берери белгиленген. Мисалы, аэропорт, эвакуация, эволюция жана башка. Сунушту Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия түзгөн эксперттик топ иштеп чыккан.
Эксперттик топтун төрагасы, Илимдер академиясындагы Тил институтунун директору Сыртбай Мусаев демилгени жазуу эрежелерин оңойлотуу деп түшүндүргөн.
"Негизинен "Е"ге каршы пикирлер болуп жатат. Биздин тилде эки: "Э" да "Е" да болсун деп жатышат. "Элик" дегенди "елик" деп айтып калабызбы деп жатышат. 1940-жылдары орус кириллицасына өтүп жатканда йоттошкон төрт тамганын бири катары алфавитибизге "Е" да кирген, аны "ЙЕ" деп окутуп, үйрөтүп коюшкан. Ага чейин аны "Э" деп эле окуп келгенбиз. Обратный "Э" дегенди Петр Орусияда 1810-жылдары эле киргизген. "Э" деген дүйнөдө орус, беларус, моңгол жана бизден башка эч кимде жок. Дүйнөдө төрт эле элде ушул обратный "Э" бар. Кириллицага өткөнгө чейин биз "Е" деп эле колдонгонбуз. "Э" деген болгон эмес, араб жазуусун, латын жазуусун деле карап көрсөңөр. Бирок аны түшүнбөгөндөр, "Эрмек" болсом, мен эми "Йермек" болуп каламбы деп жатышат. Алар адистер эмес, тилчилер эмес. Бизди кезинде "Е"ни "ЙЕ" деп окутуп койгон, йоттошкон тамгалардай кылып. Бир эле "Е" ни эки тамга менен белгилеп жатканыбыз алфавиттин өзүнүн принцибине каршы келет. Фонема бирден тамга менен белгилениши керек. "Е" дегенди "ЙЕ" деп окутуп, башыбызга сиңдирип койгон. Мисалы, "элечек", "эмерек" деген сөздөрдү "элйечек", "эмйерек" деп окушкан жок да. Бул маселени ушул жагынан караш керек. Бул өзгөрүүдөн тил өнүгүп деле кетпейт, өзгөрүп деле кетпейт. Бирок жаштардын, элдин сабаттуулугуна таасир этет. Бир фонеманы ар түрдүү тамга менен белгилөө тилдин, алфавит түзүүнүн маданиятына туура келбеген маселе. Бул маселени эл бара-бара түшүнөт. Азыр биринчи жолу талкуу болгондуктан айрымдары түшүнүп-түшүнбөй, айрымдары эмоция менен ар кайсыны айтып жатышат. Мындан тилге теориялык же практикалык зыян болбойт", - деген Сыртбай Мусаев Би-Би-Сиге берген маегинде.
Бул сунуш илимий чөйрөдө бирдиктүү кабыл алынган жок. Айрым адистер "Э" тамгасынын кыргыз тилиндеги орду жана мааниси жоголуп кетишине тынчсызданууларын билдирип жатышат.
Учурда социалдык тармактарда бул маселе боюнча ар кандай пикирлер айтылып, кызуу талаш-тартыштар уланууда.
































