"Лазги" фестивалы: дүйнө бийчилери Хивага чогулду

"Лазги" фестивалы: дүйнө бийчилери Хивага чогулду

25–30-апрель күндөрү Өзбекстандын Хива шаарында уникалдуу мурасты даңазалоо жана эл аралык маданий байланышты бекемдөөгө арналган "Лазги" эл аралык бий фестивалы өтүүдө.

Быйылкы иш-чарага отуздай өлкөдөн жүздөгөн профессионал бийчи катышууда. Алардын арасында кыргызстандык "Шаттык" бий ансамбли да бар.

Хорезмдин "Лазги" бийи өзбек маданиятында өзгөчө орунду ээлейт жана өзүнүн кайталангыс таасирдүүлүгү менен чет өлкөлөргө да атагы тараган. Фестиваль 2022-жылдан тарта ЮНЕСКОнун колдоосу алдында, 2026-жылдан баштап ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен өнөктөштүктө өтүүдө.