"75чилердин" каты: Айыпталуучулар соттун ачык өтүшүн талап кылып жатканы айтылды

8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын соту уланууда.
Адвокат Акынбек Ногоев айыпталуучулар соттун ачык өтүшүн талап кылып жатканын журналисттерге билдирди:
"Төртүнчү күнү биз ишти ачык карагыла деп өтүнүч келтиргенбиз. Ал жерде купуя деген сыр бар. Бирок ал купуя сырды бизге көрсөтпөйт экен. Сот менен прокурор өзү көрүп, бирок ал купуя сырлар иште болбогондон кийин ишти ачык карагыла деп талап койдук. Бирок, тилекке каршы, судья канааттандыруусуз калтырып койду. Негизи бардыгы тең соттун ачык өтүшүн талап кылып жатат. "Бул жерде эч кандай кылмыш курамы жок, ачык өткөрүүнү талап кылабыз, себеби эл да билсин, биздин бул жерде эч кандай күнөөбүз жоктугун баары билсин" деп баары талап кылып жатат. жатышат. Анын ичинде Камчыбек Кыдыршаевич да ошондой талап кылып жатат", - деди адвокат Акынбек Ногоев.
Бул иште Камчыбек Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевге бөгөт чарасы катары тил кат менен бошотуу тандалган.
Ал эми алар менен кошо айыпталган 5 киши 10 – февралдан бери камакта.
Журналисттер экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу менен мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевден ушул маселе боюнча сурады.
Курманкул Зулушев: "Бул боюнча сиз суроону органга бериңиз да. Урматтуу журналисттер, купуя иш боюнча эмнени айта алам? Бир эле суроо боюнча кайра-кайра келе бересиздерби? Аны (суроону) сотко бергиле, сотко".
Нурлан Тургунбек уулу: "Бул укук коргоо органдарынын жана тергөө органдарынын чечими да".
"75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул иште жалпы сегиз киши бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталууда.
Арасында мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев бар.



























