АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Москвага жашыруун келип кеттиби?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Би-Би-Синин америкалык өнөктөшү CBS телеканалы жана башка батыштык жана орусиялык маалымат каражаттары өз булактарына таянып, 25-августта АКШнын Борбордук чалгын кызматынын (ЦРУнун) директору Жон Рэтклифф Москвада болгонун кабарлашты. АКШнын Аба күчтөрүнө таандык учак ошол эле күнү эртең менен Москвага чындап эле учуп барганы Flightradar24 сервисинин маалыматтарына катталган. Учак Москвада болжол менен тогуз саат туруп, кайра учуп кеткен. Расмий түрдө Москва да, Вашингтон да АКШ жетекчилигинин өкүлдөрүнүн кимдир бирөөсүнүн Орусияга келгени тууралуу билдирген эмес.
АКШнын жогорку даражалуу өкүлү Москвага келиши мүмкүн экени 25-август, шейшемби күнү эртең менен, борбордогу "Внуково" аэропортуна RCH4555 борттук номурлуу Boeing C-17A Globemaster III учагы конгондон кийин белгилүү болгон. Анын учушу Flightradar24 сервисинде катталган.
Учуу 23-августта Мэриленд штатындагы Кэмп-Спрингстен башталган. Ал жерде Эндрюс авиабазасы жайгашкан. Бул базада АКШ жетекчилиги колдонгон айрым учактар, анын ичинде президенттин Air Force One учагы турат. Жолдо америкалык учак Ригада токтоп, ал жерде бир суткадан бир аз ашык убакыт болгон.
АКШ жетекчилигинин өкүлдөрүнүн кимдир бирөөсүнүн Орусияга сапары алдын ала жарыяланган эмес. Шейшемби күнү эртең менен Москва америкалык делегациялардын пландалган сапарлары же Владимир Путиндин күтүлүп жаткан жолугушуулары тууралуу маалымат берген эмес. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков да Москвага конгон америкалык аскердик-транспорттук учак тууралуу "маалыматы жок" экенин билдирген.
Шейшемби күнү түштөн кийин Москва көчөлөрүнүн биринде америкалык дипломатиялык номерлери бар кортеж байкалган. Анын өтүшү үчүн борбордогу магистралдардын биринде кыймыл убактылуу токтотулган. Кортеждин өтүп бара жаткан видеосун бир нече Telegram-канал жарыялаган.
Орусиялык маалымат каражаттары Flightradar24 сервисине таянып, америкалык учак шейшемби күнү кечинде "Внуково" аэропортунан учуп кеткенин кабарлашты.
ЦРУнун директору Москвада болдубу?
Шейшемби күнү түштөн кийин Би-Би-Синин америкалык өнөктөшү CBS телеканалынын кабарчысы Женнифер Джейкобс булактарына таянып, Борбордук чалгын кызматынын директору Жон Рэтклифф Москвага келгенин кабарлады. Бул маалыматты Axios басылмасынын журналисти Барак Равиддин булактары да ырастаган.
ЦРУ америкалык маалымат каражаттарынын комментарий берүү өтүнүчтөрүнө жооп берген эмес.

Сүрөттүн булагы, SHAWN THEW/EPA-EFE/REX/Shutterstock
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кремлдин ишмердигин чагылдырган журналист Александр Юнашев өзүнүн маалыматына таянып, АКШнын Аба күчтөрүнүн учагындагы жүргүнчү Орусиянын президенти менен жолугушуусу керек болгонун жазды. Бирок Кремл президенттин иш графигинде мындай жолугушуу болгонун расмий түрдө четке каккан.
Юнашевдин айтымында, Владимир Путиндин шейшемби күнүнө "абдан масштабдуу иш-чарасы" пландалган. Аны өткөрүүгө жүздөгөн адам даярданып жаткан, бирок "эки күн мурда" иш-чара башка күнгө жылдырылган.
"Булактарым Москвага дал ЦРУнун жетекчиси келгенин ырастаганын эске алсак, эми президенттин графиги кайсы жолугушуу үчүн өзгөртүлгөнүн болжолдосок болот", - деп жазган Юнашев Telegram-каналына.
"РБК-Украина" басылмасы булактарына таянып, АКШ жогорку даражалуу америкалык чиновниктердин сапарына байланыштуу Украинадан ошол күндөрү Москвага чабуул жасабоону суранганын кабарлады. Axiosтун булагы да Вашингтон америкалык делегациянын сапары учурунда Киевден Москвага сокку урууну токтото турууну суранганын билдирген.
Financial Times гезитинин кабарчысы Кристофер Миллер да булактарына таянып, Ак үй Киевден 24-август, дүйшөмбүдөн 26-август, шаршембиге чейин Москвага, Санкт-Петербургга жана Орусиянын түндүк аймактарына сокку уруудан карманууну суранганын тактады.
Би-Би-Си ЦРУга, Ак үйгө жана Пентагонго комментарий алуу үчүн кайрылды жана жооп күтүп жатат.
Борбордук чалгын кызматынын директору буга чейин Орусияга Украинанын толук масштабдуу басып кирүүсү башталганга аз калганда - 2021-жылдын ноябрында барган. Ал кезде бул кызматты Уильям Бернс ээлеп турган. Ал Владимир Путин менен жолуккан. Ошол учурда АКШ президенти болгон Жо Байден Бернске Украинадагы жаңжалды күчөтүүгө жол бербөөгө аракет кылууну тапшырган. Эгер АКШнын Аба күчтөрүнүн учагындагы жүргүнчү чындап эле Рэтклифф болсо, анда бул анын Москвага жасаган биринчи сапары.
Рэтклиффтин сапарынын максаты тууралуу азырынча тараптардын эч бири расмий комментарий бере элек.
Орусиянын коопсуздук күчтөрүнө жакын деп эсептелген SHOT Telegram-каналы учак Москвага абактагы адамдарды алмашуу үчүн келиши мүмкүн деген божомолун билдирди. Буга чейин, 2025-жылдын 13-февралында, Эндрюс авиабазасынан "Внуково" аэропортуна Gulfstream C-37B учагы келген. Ошол учурда Орусия маңзат контрабандасы боюнча жаза өтөп жаткан америкалык Марк Фогелди Орусиянын жараны Александр Винникке алмаштырган.
Журналист Ксения Собчактын "Кровавая барыня" Telegram-каналы болсо учак 2026-жылы Орусияда яхтасынан табылган куралды сактаган деген айып менен беш жылга соттолгон америкалык Чарльз Уэйн Зиммерманды алып кетүү үчүн келген болушу мүмкүн деп божомолдогон. Каналдын булактарынын маалыматына караганда, Зиммерман быйыл жайында абакта отуруп, ырайым кылуу тууралуу өтүнүчкө кол койгон. "Кровавая барыня" бул жолу саясий туткундарды алмашуу тууралуу сөз жоктугун билдирген.
11-августта Орусия америкалык жаран Роберт Гилманды да алмашуусуз, "жакшы ниеттин белгиси" катары бошотуп, АКШга жөнөткөн.




























