"Мен үчүн күтүүсүз болду": Тажибек кызынын иши сотто кайра каралууда

Эркин журналист Махабат Тажибек кызы "Адилеттик үчүн" Клуни фонду уюштурган The Albies сыйлыгын тапшыруу аземине Лондонго бара албай калды. Ленин райондук соту журналисттин өлкөдөн чыгууга уруксат берүү өтүнүчүн канааттандырган жок. Сот Махабат Тажибек кызы оор берене боюнча айыпталып жатканын айтып, сыйлык алуу үчүн чет өлкөгө чыгуу жүйөлүү себеп эмес деген чечим чыгарды.
"Cыйлык мен үчүн күтүүсүз болду. Клуни фондуна чексиз ыраазычылык билдирем. Алар башынан эле ишимди көзөмөлдөп, колдоо көрсөтүп келишет. Менин ушул күнгө чейинки кылган иштерим сыйлык үчүн эмес, өнүгүү, коррупция менен күрөшүү, акыйкаттык үчүн жасалды. Сыйлыкка бара албасам деле, ал өзү келет. Сот кандай чечим чыгарса, аны кабыл алабыз",- деди Махабат Тажибек кызы.
Бүгүн Ленин райондук сотунда ишти кароого даярдык көрүү боюнча соттук отурум өттү. Анда жактоочулар бир катар өтүнүчтөрдү келтиришти.
Сот жактоочулардын отурумду онлайн трансляциялоо жана видеого тартуу өтүнүчтөрүн четке какты. Жактоо тарап жүргүзгөн кошумча экспертизанын жыйынтыгын ишке тиркөө өтүнүчүн канааттандырды.
Махабат Тажибек кызы айыпталып жаткан 278-берене боюнча адвокаттар жүргүзгөн укуктук анализди ишке тиркөө өтүнүчү канааттандыруусуз калды.
Тажибек кызы менен бирге соттолуп, айрымдары акталган, айрымдары пробация менен эркиндикке чыккан журналисттерди күбө катары суракка алуу боюнча өтүнүч ачык бойдон калды.
"Азырынча биз үчүн бүдөмүк болуп жатат. Кийинки сот отурумдары кандай болот, көрөбүз. Ошондон кийин гана кандайдыр бир жыйынтык чыгарганга мүмкүн болот. Бирок сот The Albies сыйлыгын тапшыруу аземине Лондонго барууга уруксат бербей койду. Буга биз нааразыбыз. Бул жерде Кыргызстандын статусу бааланып жатат. Эгер Махабатка уруксат берилсе Кыргызстанда чындыгында демократия бар экен, сөз эркиндиги бар экен, мыйзам иштейт экен деп тыянак чыгарганга мүмкүнчүлүк бар болчу",- деди жактоочусу Акынбек Ногоев.
Отурумдун соңунда прокурор айыптоо актысын угузду. Анда экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Махабат Тажибек кызы даярдаган материалдарда мамлекетте баш аламандык уюштурууга кыйыр чакырыктар болгон деп айтылды.
Соттук териштирүү 9-сентябрда, саат 16:00дө өтө турган болду.
Махабат Тажибек кызы 2024-жылдын 16-январында кармалган. Ошол эле жылдын 10-октябрында Бишкектин Ленин райондук соту аны алты жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүм кийинки инстанцияларда өзгөрүүсүз калган.
2025-жылдын ноябрында БУУнун Өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу тобу журналисттин иши боюнча корутунду чыгарган. Анда Кыргызстанды Тажибек кызын бошотууга, компенсация төлөөгө жана анын укуктарын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө чакырган.
Бул корутунду жаңы ачылган жагдай катары көрсөтүлүп, ишти кайра кароо башталган. 23-марттагы алдын ала угууда Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызын эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотуп, ишти кыскартуу өтүнүчүн четке каккан.
Жакында Махабат Тажибек кызы октябрда Лондондо өтө турган "Адилеттик үчүн" Клуни фондунун The Albiesсыйлыгына көрсөтүлгөнү маалымдалган.




























