Падыша Чарльз АКШда Украинаны колдоого чакырды

Падыша Чарльз АКШда Украинаны колдоого чакырды

Президент Трамп падыша Чарльз жана ханыша Камилла катышкан мамлекеттик кечки тамакта сүйлөп жатып, АКШ менен Британиянын ортосундагы мамилени «Жер жүзүндө теңдеши жок достук» деп атады. Трансатлантикалык орток тарыхка байланышкан тамашалар менен коштолгон сөзүндө падыша, НАТО альянсынын маанисин дагы бир жолу баса белгиледи. 29-апрелде падыша Чарльз жана ханыша Камилла Нью-Йоркко барып, 2001-жылдын 11-сентябрында болгон террордук чабуулдардын курмандыктарын эскеришет.