Африкада Эболанын жаңы очогу катталды, Конгодо 65 киши өлдү

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Африкадагы Саламаттык сактоо боюнча башкы агенттик Конго Демократиялык Республикасынын чыгышында Эбола вирусунун жаңы очогу катталганын билдирди. Өлкө бийлиги азырынча расмий маалымат бере элек.

Африканын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (Africa CDC) маалыматына ылайык, оорунун болжол менен 246 учуру катталды. Тилекке каршы, 65 адам көз жумду. Негизинен бул учурлар чыгыштагы Итури провинциясындагы алтын казылган Монгвалу жана Рвампара шаарларында аныкталган.

Жума күнү Эбола вирусунан каза болгон адам тууралуу Уганда бийлиги да кабарлады. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги бейшемби күнү көз жумган 59 жаштагы эркектин анализинен Эбола вирусу аныкталганын билдирди. Ал буга чейин өлкөгө Конго Демократиялык Республикасынан келген.

Уганданын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан катта Конго Демократиялык Республикасынын 59 жаштагы жараны дүйшөмбү күнү Кампаладагы ооруканага жаткырылып, бейшемби күнү жандандыруу бөлүмүндө каза болгону айтылган.

Расмий өкүлдөрдүн билдиришинче, азырынча Уганданын ичинде жуккан бир дагы учур каттала элек.

Эбола геморрагиялык ысытмасы алгач 1976-жылы Заирдин аймагында (азыркы Конго Демократиялык Республикасы) аныкталган. Оору жарганаттардан тараган деп эсептелет. Бул өлкөдөгү Эбола вирусунун 17-очогу болуп жатат.

Оору биологиялык суюктуктар менен түз байланышта жана теридеги жаракат аркылуу жугат. Ал катуу кан кетүүгө жана ички органдардын иштен чыгышына алып келет.

Дене табынын көтөрүлүшү, булчуңдардын оорушу, чарчоо, баш оору жана тамак оорусу илдеттин алгачкы белгилери болуп эсептелет. Андан кийин кусуу, ич өтүү, териге бүдүр чыгуу жана кан кетүү сыяктуу көрүнүштөр пайда болот.

Эбола илдетинен толук айыктыра турган дары азырынча жок. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, бул оорудан каза болгондордун орточо көрсөткүчү болжол менен 50% түзөт.

Конгонун борбору Киншасадагы Улуттук биомедициналык изилдөөлөр институту (INRB) жүргүзгөн алдын ала изилдөөлөрдө текшерилген 20 үлгүнүн 13үнөн вирус табылган.

Учурда вирустун кайсы штаммы экенин аныктоо үчүн кошумча анализдер жүргүзүлүүдө.

Африканын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, 65 өлүмдүн төртөө лабораториялык жактан тастыкталган бейтаптар арасында катталган.

Итури провинциясынын борбору Буния шаарында да оорунун кошумча шектүү учурлары аныкталган, бирок лабораториялык жыйынтыктар азырынча тастыктала элек.

Адистер вирус Рвампара жана Буния шаарларындагы калктын жыш жайгашуусунан улам дагы кеңири жайылышы мүмкүн деп эсептешет.

Мындан тышкары, борбордун аткаруучу директору Жан Касея азыр башка мамлекеттердин жардамы зарыл экенин айтты.

Жабыркаган бардык калктуу конуштарга жана кооптуу аймактарга улуттук саламаттык сактоо органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталды.

Кырдаалды Конго Демократиялык Республикасынын чыгыш аймактарында көп жылдан бери ар кандай куралдуу топтордун ортосундагы кагылышуулар дагы татаалдаштырып жатат. 2021-жылдан бери Итури провинциясы аскердик башкарууга өткөн. Бийлик бул жол менен аймакта көп жылдан бери аракет кылып келген ондогон куралдуу топторду нейтралдаштырууга аракеттенүүдө. Алардын арасында жихадчы ADF ("Союздаш демократиялык күчтөр") тобу да бар.

Акыркы 50 жыл ичинде Африканын ар кайсы өлкөлөрүндө бул вирустан болжол менен 15 миң адам каза болгон.

Конго Демократиялык Республикасындагы эң ири жана эң көп адам өмүрүн алган эпидемия 2018–2020-жылдары катталып, анда дээрлик 2300 адам каза болгон.

Өткөн жылдын сентябрь айында өлкөнүн борбордук Касаи провинциясындагы алыскы Булапе районунда чыккан эпидемиядан 45 адам көз жумган. Бул Конго Демократиялык Республикасында акыркы үч жылдагы биринчи Эбола очогу болгон.

Сентябрдын аягында Эл аралык Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун федерациясы өлкөдөгү медициналык мекемелерге күч келип жатканын жана дары-дармек запастары түгөнүп баратканын эскерткен.