Украина: коргоо министрин кызматтан алуу нааразылык акциялары менен коштолду

- Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин коргоо министри Михаил Федоровду алмаштыруу чечими жаңы чуулгандуу жана ачык саясий жаңжалга айланды. Бейшемби күнү өткөн брифингде кызматынан алынган министр Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Александр Сырскийди президентти өзү менен анын ортосунда тандоо жасоого мажбурлаган жаңжалдын күнөөкөрү деп эсептей турганын кыйытты.
Чыр Киевде жана Украинанын башка шаарларында Федоровду колдогон митингдердин фонунда курчуп баратат. Мындан бир жыл мурун ушундай эле нааразылык акцияларынан кийин Владимир Зеленский шайлоочулардын нааразычылыгын жараткан башка бир чечимин өзгөртүүгө аргасыз болгон эле.
Юлия Свириденконун өкмөтүндөгү коргоо министри, 35 жаштагы Михаил Федоров жаңы кабинетке кирүү сунушун албай турганы бир күн мурун белгилүү болгон. Президент Владимир Зеленский министрди алмаштыруу чечими тууралуу шаршемби күнү "Эл кызматчысы" фракциясынын депутаттары менен жолугушууда айткан.
Украиналык ЖМКлар жазгандай, Украинанын президенти өз чечимин Федоров менен башкы колбашчы Александр Сырскийдин ортосунда чечилбей калган карама-каршылык менен түшүндүргөн. Федоров коргоо министри болуп жарым жыл гана иштесе да, фронт үчүн маанилүү болгон бир нече өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга, анын ичинде ар кандай типтеги жана аралыктагы дрондорду өндүрүүнү кыйла көбөйтүүгө жана жалпысынан учкучсуз учактар багытын каржылык жана техникалык жактан күчөтүүгө жетишкен.

Федоров эмне деди
Коргоо министри менен башкы колбашчынын ортосундагы системдүү карама-каршылыктарды чечүүгө аракет кылып, жыйынтык чыкпай койгон соң президент Зеленский "жакшысы Федоровду да, Сырскийди да кетирип салуу керек болчу, бирок ал азыр муну жасай албайт" деп эсептегенин 15-июлда президенттин "Эл кызматчысы" фракциясынын депутаттары менен болгон жолугушуусунун катышуучулары айтып беришти.
Бейшемби күнү Федоров коргоо министринин экс-макамында Киевде брифинг өткөрүп, журналисттерге башкы колбашчы Александр Сырский менен болгон жаңжалдын чоо-жайын сөз кылды.
Федоров башкы колбашчы Сырский экөөнүн ортосунда карама-каршылык болгонун жана ал президентке Сырскийди Башкы штабдын жетекчиси Андрей Гнатовго алмаштырууну сунуштаганын тастыктады. Анын пикиринде, эгерде Киев "душманды асимметриялуу, минималдуу жоготуулар менен жеңгиси келсе", муну жасоо зарыл болчу. Федоровдун айтымында, президент макул болгон эмес.
"Президент Сырскийди алмаштырууну пландабаганын айтканда - бул анын Жогорку башкы колбашчы катары чечими болчу. Мен бул чечимге толугу менен макул болдум жана: анда мен аны менен иштешкенди үйрөнөм, анткени баары бир биздин кардарыбыз — кимдир бирөө эмес, украин эли дедим", - деп түшүндүрдү Федоров.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анын айтымында, ал Сырский анын демилгелерин бөгөттөй баштаганына туш болгон, ал эми конфликт ачыкка чыккандан кийин башкы колбашчы президент Зеленскийден коргоо министрин кызматтан кетирүүнү талап кылган.
"Чындыгында ал [Сырский] ультиматум койду. Орусияны кантип жеңүүнү ойлоп табуунун ордуна, ал өлкөнү кантип бөлүп-жарууну ойлоп тапты", - деп билдирди Федоров журналисттерге.
"Жана Сырский, биз сүйлөшкөн бардык көйгөйлөрдү эске алганда, көйгөйлөр тууралуу жеке өзүнө түз айтууга даяр эмес. Ал жолугушууларга барып, интригаларды уюштуруп, ЖМКдагы өнөктүктү кимдир бирөө буюртма кылды деп ойлогонго гана даяр, ал эми көйгөй болуп жаткан аракеттерде экенин түшүнбөйт", - деди Федоров.
Ошону менен бирге ал 2022-жылы Сырский "өлкөнү сактап калганын" мойнуна алып, анын аскердик эмгегин баалады, бирок азыр өзгөрүүлөр керек экенин белгиледи.
"Биз мындай командирди баалабай кое албайбыз, бирок согуш өзгөрдү. Дрон баарын өзгөрттү. Башкаруу системасы өзгөрдү жана биз ошол кездеги ыкмалар менен жүрө албайбыз", - деди Федоров.
Анын ою боюнча, мобилизация жана АТКнын (мобилизация учурунда зомбулук көрсөтүүдө айыпталган аймактык комплектөө жана социалдык колдоо борборлору) иши - бул Коргоо министрлигинин эмес, Сырскийдин жана Башкы штабдын жоопкерчилик чөйрөсү, ошондуктан алардын ишиндеги көйгөйлөрдү коргоо министрлигинин ийгиликсиздиги деп эсептөө туура эмес. АТКнын ишиндеги көйгөйлөр үчүн Федоровду президент да сындаган.
"АТК кимге баш ийет? АТК мага эмес, Сырскийге жана Башкы штабга баш ийет", - деди коргоо министри. Анын айтымында, украиналыктарга аларды фронтко кубалап айдай турган "таягы бар адамдын" кереги жок: "Адамдарга урмат-сый керек".
Кызматтан кетиши тууралуу сөз кылып жатып, Федоров ал жеке өзү "эч кимди уят кылбаганын" билдирди.
"Мен саясий карьера курган жокмун, менчик компанияларды түзгөн жокмун, бизнес менен алектенген жокмун... Коррупциялык жаңжалдар болгон жок, кандайдыр бир схемаларды түзүү болгон жок. Биз санариптик мамлекетти курдук", - деди Федоров.
Анын айтымында, президент Зеленский ага кеңешчи болууну сунуштаган, бирок ал баш тарткан (Зеленский Федоровго мындай сунуш жасаганын тастыктады).
"Көптөгөн министрлер телефон чалышты. Ал тургай техгиганттар да жумуш сунушташты. Бирок мен: токтогула, бул тууралуу кийинчерээк сүйлөшөлү дедим", - деп билдирди Федоров.

Сүрөттүн булагы, ВВС, Reuters
Зеленский жана Сырский буга эмне деп жооп беришти
Президент Владимир Зеленский жаңы саясий жаңжал жана коргоо министрин алмаштыруу чечими тууралуу бейшемби күнү Киевге келген Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен биргелешкен брифинг учурунда алгачкы жолу комментарий берди.
Анын айтымында, министр менен башкы колбашчынын ортосундагы конфликт жеке эмес, системдүү болгон жана алардын ортосунда байланыш болбогондуктан, президент ага кийлигишүүгө аргасыз болгон.
Зеленский ошондой эле Свириденконун өкмөтүндөгү ИИМ башчысы Игорь Клименкону жаңы коргоо министри катары карап жатканын, ал анын талапкерлер тизмесиндеги жалгыз адам эмес экенин жана талапкерлик боюнча азырынча акыркы чечим кабыл ала электигин айтты. Кабинеттин курамы бейшемби күнү коргоо жана тышкы иштер министрлерисиз бекитилди.
Президент Федоровдун кызматтан кетишине каршы бүгүн Украинанын көптөгөн ири шаарларында жана Киевдеги президенттин кеңсесинин алдында өткөн нааразылык акциялары тууралуу билерин айтты. "Адамдар чыгууну каалашты, бул туура эле. Мен коом эмне деп жатканын түшүнөм, угам жана ал тургай реакция жасайм", - деди Зеленский.
Бир нече сааттан кийин Зеленский коргоо министри катары Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Евгений Хмараны көргүсү келерин жарыялап, ал коргонуу тармагын реформалоону улантарын билдирди. Анын талапкерлигин Жогорку Раданын депутаттары бекитиши керек.
Александр Сырский жаңжалга карата өз пикирин бейшемби күнү күндүз алгачкы жолу билдирип, бир нече гана сүйлөм менен чектелди.
Телеграмдагы постунда ал Федоров брифингде айткан өзүнүн эмгектерин эскерип, "2022-жылы Киевди коргоо операциясынын аркасында борборубузду сактап калганыбыз менен сыймыктанам. Эми бул шаарда брифингдер өтүп, көз караштар калыптанып, чечимдер кабыл алынышы мүмкүн" деп жазды (брифингдерди эскергенин айрым комментаторлор Федоровду шылдыңдоо катары баалашты).
"Ушундай эле иш-чаралар эркин жана көз карандысыз Украинада өтүшү үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Бул үчүн биз согушка жана азыр конкреттүү натыйжаларды көрсөтүп жаткан эффективдүү стратегияга көңүл бурушубуз керек", - деп кошумчалады ал.
Жыйынтыктап жатып, ал Федоровго коргоо министри катары кылган иши үчүн ыраазычылык билдирип: "Ага мындан ары да Украинанын командасында калуусун каалайм", - деп кошумчалады.
"Баарын уурдашты, жада калса Федоровду да".
Ал арада коргоо министринин кызматтан кетишине каршы нааразылык акциялары кандай өттү.
Федоровдун, Зеленскийдин жана Сырскийдин билдирүүлөрү коргоо министринин кызматтан кетишине каршы чыккан катышуучулардын стихиялуу митингдеринин фонунда айтылды. Бул акциялар Киевде жана Украинанын башка көптөгөн шаарларында бир нече миң адамды чогултту.
Би-Би-Синин украин кызматынын маалыматына караганда, бейшемби күнү эртең менен Киевде Иван Франко атындагы театрдын жанына жүздөгөн адамдар чогулду.
Нааразылык акциясына чыккандар келген аянт өкмөттүк кварталга жакын жайгашкан, анын терезелери Украинанын президентинин кеңсесине карап турат.
Алар 2020-жылдардын ортосундагы украиналык нааразылык акцияларынын таанымал элементине айланган картон кесиндилерин кармап турушкан. Аларда: "Мишаны кайтаргыла", "Баарын уурдашты, жада калса Федоровду да", "Иштеп жаткан нерсеге тийбе", "Федоров - менин баатырым, Сырский - геморрой" ж.б. ураандар жазылган. Акциянын катышуучулары "Федоров!" деп кыйкырышты, ошондой эле бир нече жолу "Сырский, жогол!" деген ураан жаңырганын Би-Би-Синин украин кызматынын кабарчылары Киевдеги окуя болгон жерден билдиришти.
Акция башталгандан бир нече саат өткөндөн кийин анын катышуучуларынын саны, Би-Би-Синин украин кызматынын журналисттеринин баамында, бир нече миңге жетти. Митингде Жогорку Раданын айрым депутаттары да байкалды.
Окшош митингдер Украинанын дээрлик бардык ири шаарларында жана облустук борборлорунда, анын ичинде Днепр, Ужгород, Харьков, Львовдо да өттү.
Харьковдо митинг учурунда аба коркунучу жарыяланды. Митингчилер метрого түшүп, нааразылык акциясын жер астында улантышты.
Львовдо нааразылык акциясына чыккандар Тарас Шевченконун эстелигинин жанына чогулушту. Алар "Сырский, жогол!" деп кыйкырышты. Митингден сүрөттөрдү шаар мэри Андрей Садовый жарыялап, ага «Львовдогу июль» деп кол койгон.
Бейшемби күнү Федоров брифингде митингчилерди колдоп, бул акциялардан ал жеке өзүнө болгон колдоону гана эмес, башка нерсени да көрүп жатканын айтты. "Биз бүгүн украин эли көчөгө чыкканын көрүп жатабыз. Украин эли белгилүү бир министр Федоров үчүн эмес, бул жерде чечилиши керек болгон көйгөй тууралуу кеп болуп жатат", - деди ал.
Украинада буга чейинки ири нааразылык акциялары 2025-жылдын жайында, Жогорку Рада Украинадагы коррупцияга каршы органдарды көз карандысыздыктан ажыраткан мыйзам долбоорун жактыргандан кийин өткөн. Ал митингдер күрөң картон кесиндилериндеги колго жасалган плакаттардан улам расмий эмес түрдө "картон протесттери" деп аталып, Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып киришинен бери өкмөткө каршы эң ири акция болуп калган.
Федоровду дагы кимдер колдоду
Бейшемби күнү Федоровду Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бириккен күчтөрүнүн колбашчысы Михаил Драпатый колдой тургандыгын билдирди - аны айрымдар Федоровдун министрлик кызматтагы мүмкүн болгон мураскери деп эсептешкен.
Толук комментарийинде Драпатый армияга өзгөрүүлөр керек экенин, бирок "адилеттүүлүксүз эч кандай өзгөрүүлөрдүн бул согушту күн сайын көтөрүп жаткан адамдар үчүн мааниси жок" деп билдирди.
"Коргоо министрлигине жаңы команда келгенден кийин аскердик система жашап келген эрежелерди өзгөртүүгө реалдуу аракет болду. Мен Коргоо министрлигинин командасына бул ишти колго алганы жана система унчукпай четтеп келген нерселерге тийүүдөн коркпогону үчүн ыраазымын", - деп жазды ал.
Драпатый Федоровду "Коргоо министрлигиндеги аскерлердин өнөктөшү" деп атап, ал келгенден кийин мекемеде "командирлерди угууга, чечимдерди тез кабыл алууга жана бөлүкчөлөрдө жаралып жаткан өзгөрүүлөрдү колдоого даярдык пайда болду. Өз ара аракеттенүү дал ушундай болушу керек" деп белгиледи.
Кийинчерээк өзүнүн эффективдүүлүгүн далилдеген фронт үчүн көптөгөн чечимдер, анын ичинде дрондор линиясы деп аталган чечимдер "системанын" каршылыгына карабастан министрлик тарабынан кабыл алынган, деп жазды Драпатый жана анын ою боюнча "мындай болбошу керек" деп кошумчалады.
Федоров кызматтан кеткенден кийин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн колбашчысынын орун басары Павел Елизаров кызматтан кетүү боюнча рапорт жазды. Ал социалдык тармактарда жарыялаган рапортунда Елизаров бул чечимди Федоровдун кызматтан кетишине байланыштуу кабыл алганын түшүндүрдү - ал Федоровду "өлкөнүн абадан коргонуу тармагындагы стратегиялык реформалардын демилгечиси, аларды бөгөттөө Украинада көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келет" деп атады. Постунда Елизаров ошондой эле "М. Федоровдун четтетилишин өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү үчүн чоң "жамандык" деп эсептей турганын кошумчалады.
































