Жасалма акыл жана кыргыз тили

Видеонун түшүндүрмөсү, Жасалма акыл жана кыргыз тили
Жасалма акыл жана кыргыз тили
Published

Кыргызстандын интернет мейкиндигинде блогерлер, айрым маалымат агенттиктери жасалма акыл менен жасалган аватарларды колдонуп келишет. Бирок алардын көбүндө кыргызча текстти таанып-билүүдө каталар байкалат. Адистер муну жасалма интеллекттин кыргыз тилин толук тааныбаганы менен байланыштырат. Жасалма акыл кыргызча эркин түшүнүп, сапаттуу сүйлөшү үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк маалыматты интернетке кыргыз тилинде жарыялоо сунушталат.