Прокурор Ташовдун өкүмүн күчүндө калтырууну сурады

Видеонун түшүндүрмөсү, Прокурор Ташовдун өкүмүн күчүндө калтырууну сурады
Прокурор Ташовдун өкүмүн күчүндө калтырууну сурады
Published

16-июлда Бишкек шаардык сотунда Ташов жарыш сөзүн аяктады. Прокурор соттон биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырууну өтүндү. Ишкер тогуз жылга эркинен ажыратылган болчу.

Ташов күнөөсүз экенин айтып, актоону жана кыйноо фактысын иликтөөнү талап кылууда. 17-июлда айыпталуучу акыркы сөзүн сүйлөп, шаардык сот өкүм чыгарары күтүлүүдө.