"Соттор БУУнун чечимин аткарбай жатат": Махабат Тажибек кызы боюнча иш

Бишкек шаардык соту Махабат Тажибек кызынын ишин кыскартуу тууралуу жактоочунун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова өзүнүн Facebook баракчасына бул иш боюнча соттор БУУнун чечимин аткарбай жатканын, иш кайрадан Ленин райондук сотуна кайтарылып, Махабат Тажибек кызы бардык соттук инстанцияларды кайрадан өтүүгө мажбур болуп жатканын жазды.
"Махабаттын Бишкекте үйү жок, бир тууганы менен ижарага батир алып жашайт. Жумушу да жок. Ал акталган эмес, кылмыш иши токтотулган да эмес, тескерисинче, укук коргоо органдары тарабынан куугунтук уланууда. Ал "адилеттүү" делген системада туткун болуп калды. Муну басынтуу деп эсептейм",- деп жазган укук коргоочу.
Өткөн жылдын ноябрында БУУнун Өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу тобу Махабат Тажибек кызынын иши боюнча корутунду чыгарып, ага коюлган айыптарды негизсиз деп тапкан.
Топ бул окуя Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жети беренесин, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын алты беренесин бузганын белгилеген.
БУУ Кыргызстанды Махабат Тажибек кызын бошотууга, ага компенсация төлөп берүүгө жана анын укуктарын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө чакырган. Ошондой эле анын негизсиз кармалышы боюнча толук жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүп, жооптуу адамдарды аныктоону талап кылган.
Мындан сырткары, жумушчу топ Кыргызстанды көз карандысыз медианы куугунтуктоону дароо токтотууга жана Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесин эл аралык адам укуктарынын нормаларына шайкеш келтирүү боюнча шашылыш мыйзамдык реформаларды жүргүзүүгө чакырган.
Бул корутунду адвокаттар тарабынан жаңы ачылган жагдай катары көрсөтүлүп, ишти кайра кароо өтүнүчү менен кайрылууга негиз болгон.
Иш 23-мартта Ленин райондук сотунда кайра каралып, Махабат Тажибек кызы эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан бошотулган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок жактоочулар БУУнун Өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу тобунун талаптары толук аткарылбаганын белгилеп, ишти кыскартуу тууралуу өтүнүч менен кайрылышкан.
Махабат Тажибек кызы 2024-жылдын 16-январында кармалган. Ошол күнү Ички иштер министрлиги Бишкекте эки маалымат каражатынын редакциясында тинтүү жүргүзүп, он бир журналистти кармап кеткен.
Алардын баары Кылмыш-Жаза кодексинин "Массалык тополоңго чакырык, бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбегендик" беренеси боюнча кылмышка шектүү катары айыпталган.
2024-жылдын 10-октябрында Бишкектин Ленин райондук соту Temirov Live жана "Айт Айт Десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, долбоордун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кийин Жогорку сот да аны колдогон.
Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровго пробациялык жаза берилген. Долбоордун дагы бир катар кызматкерлери толугу менен акталган.
35 жаштагы Махабат Тажибек кызы кесиби боюнча юрист. Ал 2008-жылдан бери журналист болуп иштеп, Factcheck.kg, Politmer.kg жана Ediviso платформаларында эмгектенген.
2022-жылы күйөөсү Болот Темиров кармалып, андан кийин Кыргызстандан депортациялангандан соң, Махабат Тажибек кызы Temirov Live медиасынын жетекчилигин колуна алган.
Анда коррупция, мамлекеттик башкаруу, бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги жана коомдук маанидеги башка темалар көтөрүлүп келген.
27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан.
Мындан тышкары бул долбоорлорду түптөгөн журналисттер Болот Темировдун жана Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылган.
Сот чечиминде аты аталган долбоорлордо манипуляциялык мүнөздөгү, бийлик органдарына болгон ишенимди солгундаткан, коомдук коопсуздукту бузууга жана жарандарды нааразылык акцияларына катышууга түрткөн материалдар жарыяланып турганы айтылган.
Бул чечим журналисттик коомчулукта жана эл аралык укук коргоо уюмдарында тынчсызданууну жараткан.
Бийлик өкүлдөрү болсо Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана ал сакталарын байма-бай айтып келет.




























