Абактагы сүйлөшүү боюнча ЖАМК реакция жасады

Сүрөттүн булагы, screenshot
Кайтаруу жана конвой менен коштоо департаментинде тергөө иш-чаралары учурунда кызматтык тартип талаптарынын бузулушу фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, айрым аскер кызматкерлери тарабынан соттолгон жана айыпталуучу адамдардын жакындары менен мыйзамда каралбаган жолугушууларга жол берилгендиги аныкталууда.
"Учурда аталган факты боюнча кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп, бардык жагдайлар такталууда. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүү деп табылган аскер кызматкерлерине тийиштүү тартиптик чаралары көрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин социалдык тармактарда №21 тергөө абагында (СИЗО-1) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Узун Нурлан аттуу ат менен белгилүү мурдагы кызматкери Республикалык спорт колледжинин мурдагы директору, Күчүк каймана аттуу Айбек Ташматов менен сүйлөшкөн учуру тартылган видео тараган.
Видеодон тергөө абагындагы жарандардын өз ара эркин баарлашып жатканы, конвойдун коштоосунда алып жүрүү учурунда жолукканы, ошондой эле камакта болсо да өздөрүн "эркин сезип" жүргөнүн көрүүгө болот.
Камактагы эки адам тең УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы боюнча мурдагы башчысы Эльдар Жакыпбеков менен тыгыз байланышта экени айтылган.
Быйыл 10-февралдан тарта УКМКнын ар түрдүү кылмыштарга шектелип кармалган мурдагы кызматкерлеринин саны 22ни түздү. Алардын айрымдары тергөө абагында, кээ бирлери үй камагында отурат.
Бул тууралуу парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин 12-майдагы отурумунда УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев билдирген.
































