АКШ Ирандан Ормуз кысыгындагы кемелерге ок чыгарбоого убада берүүнү талап кылууда

Видеонун түшүндүрмөсү, АКШнын "кубаттуу соккуларынан" кийин Иранда бир нече жерде өрт тутанды
    • Author, Ана Фагуй
    • Role, Вашингтон
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШ ишембиге белгиленген сүйлөшүүлөрдүн алдында Ирандан Ормуз кысыгы деңиз каттамдары үчүн ачык экенин расмий жарыялоону жана коммерциялык кемелерге ок чыгарбоого милдеттенме алуусун талап кылууда.

Американын жалпыга маалымдоо каражаттары өкмөттөгү өз булактарына таянып, Тегеран АКШ президенти Дональд Трамптын кеңешчилерине коммерциялык кемелерге ок атылганы жаңылыштык болгонун жеке сүйлөшүүлөрдө билдиргенин жазып жатышат. Бирок ал маалыматтарда Иран бул үчүн күнөөнү өлкө ичиндеги көзөмөлдөн чыккан топко оодарган.

Дональд Трамп ушул аптада Ормуз кысыгындагы кагылышууларга карабастан, эки тарап сүйлөшүүлөрдү улантууга макул болгонун айтты. Ак үй бул окуяны ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин бузулушу катары баалап жатат.

АКШ менен Иран июнь айында ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Иран коммерциялык кемелердин коопсуз өтүшүн камсыздоого да макул болгон.

Би-би-синин АКШдагы өнөктөшү CBS News телеканалы АКШнын жогорку кызмат адамдарына таянып жазгандай, Тегеран коммерциялык кемелерге ок атуу аркылуу сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылууга аракет кылган бул аракетти ирандык катаал көз караштагы топтун "баш ийбей кеткен" бир бөлүгүнүн иши деп түшүндүргөн.

АКШ өкүлдөрүнүн бири телеканалга: "Алар (ирандыктар) кайра сүйлөшүү үстөлүнө келип: "Биз жаңылыштык кетирдик. Ката кетирдик. Келгиле, сүйлөшүүнү уланталы дешти" деген.

Жума күнү журналисттерге маалымат берген АКШ өкүлдөрүнүн айтымында, аймактагы ортомчулар аркылуу Тегерандын жетекчилигине билдирүү жеткирилген. Бир катар басылмалардын жазышынча, анда Иран Ормуз кысыгы ачык экенин жана коммерциялык кемелерге ок чыгарууну токтоторун расмий жарыялашы керектиги айтылган.

"Же алар биз талап кылган билдирүүнү жасайт, же болбосо анын кесепети алар үчүн жакшы болбойт", - деп Reuters агенттиги АКШ өкүлдөрүнүн биринин сөзүн цитата келтирет.

CBS News маалымдагандай, Ак үй Иран коммерциялык кемелерге ок атылганы жаңылыштык болгонун да эл алдында ачык моюнга алышын каалап жатат.

Dozens of vessels are seen in the Strait of Hormuz, surrounded by rocky mountains, from Musandam, Oman

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ишемби күнү Оманда өтөрү күтүлгөн сүйлөшүүлөрдү АКШ тараптан вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио, Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стив Уиткофф жана президент Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жетектеши күтүлүүдө. Уиткофф менен Кушенр Жакынкы Чыгыш боюнча сүйлөшүүлөргө жигердүү катышып келди.

Ошол эле учурда жума күнү Катардын делегациясы Иранга барып, Ормуз кысыгындагы чыңалууну басаңдатуу жана кысык аркылуу кемелердин коопсуз жүрүшүн камсыздоо маселелерин талкуулоону көздөгөн сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жума күнү Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына:

"Иран Ислам Республикасы бизден сүйлөшүүлөрдү улантууну өтүндү".

"Биз буга макул болдук. Бирок АКШ аларга ок атышууну токтотуу режими аяктаганын эч кандай бүдөмүк калтырбай ачык билдирди", - деп жазды.

Жума күнү Перс булуңунда жаңы чабуулдар катталган жок. Бирок ушул аптадагы кагылышуулар АКШ менен Иран июнь айында убактылуу келишим түзгөндөн берки эң олуттуу тиреш катары бааланууда.

Чабуулга Оман аймактык суулары аркылуу АКШ сунуштаган багыт менен бараткан үч кеме кабылган. Иран болсо коопсуз өтүү үчүн өзүнүн аймактык суулары аркылуу өткөн башка жолду гана колдонууга чакырып келет.

Өткөн айда АКШ менен Иран 14 пункттан турган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга макул болгондо сүйлөшүүлөрдө жылыш байкалган. Документ ок атышууну токтотуу режимин узартууга жана жаңжалды "бардык багыттар боюнча" токтотууга багытталган.

Макулдашууга ылайык, Иран менен Оман Перс булуңундагы башка өлкөлөр менен биргеликте Ормуз кысыгын келечекте башкаруу жана андагы деңиз кызматтарын уюштуруу маселесин талкуулашы керек.

Кагылышуу учурунда Иран Ормуз кысыгындагы көзөмөлүн күчөтүүгө аракет кылып, "Перс булуңу кысыгы боюнча башкармалык" аттуу мекеме түзгөн. Иран бийлиги бул түзүм кысык аркылуу коопсуз өтүүгө байланыштуу уруксаттарды жөнгө саларын билдирген.

Ал эми Fars агенттигинин маалыматына караганда, АКШ менен түзүлгөн жаңы макулдашуунун негизинде Ормуз кысыгын Иран менен Оман биргелешип башкарат. Макулдашууда кысык аркылуу өткөн кемелерден кызмат көрсөтүү үчүн акы алуу мүмкүнчүлүгү да каралганы айтылат.