Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Коррупция

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык төрөт үйүнүн кызматкерлери бейтаптардын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын чечип берүү үчүн системалуу түрдө акча талып кылганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында төрөт үйүнүн жетекчиси К.А.М. тарабынан акчалай сый акы алуу боюнча көптөгөн фактылар ачыкка чыккан.

"Кармалган жаран учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.