Малиде коргоо министри өлтүрүлдү, туарегдер менен жихадчылар бир нече шаарга сокку урду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусиянын союздашы болгон хунта башкарган Малиде туарег козголоңчулары менен жихадчылардын бир нече шаарга жасаган координацияланган чабуулу учурунда коргоо министри өлтүрүлдү.
Козголоңчулар орусиялык "Африка корпусунун" бөлүгүнүн алар менен түзүлгөн келишим боюнча Кидал шаарчасындагы базаны таштап кеткенин билдиришүүдө. Корпус өзү бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
Коргоо министри, генерал-лейтенант Садио Камаранын каза болгонун жекшемби күнү Малинин аскердик өкмөтү расмий түрдө тастыктады. Буга чейин бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары кабарлашкан.
Камара ишемби күнү борбор калаа Бамакодон түндүктү көздөй 15 чакырым алыстыктагы Кати шаарында өлтүрүлгөн. Дүйнөлүк агенттиктер түшүндүргөндөй, ал жерде хунтанын башкы аскердик базасы жайгашкан.
"Жардыргыч зат жүктөлгөн унааны айдаган жанкечти министрдин резиденциясына чабуул койгон, ал жерде министр кол салгандар менен атышууга кирип, алардын бир нечесин ийгиликтүү жок кылган [...] Согуш учурунда ал жаракат алып, ооруканага жеткирилген, тилекке каршы, ал жерде алган жаракатынан улам каза болду", - деп билдирди мамлекеттик телеканалга хунтанын мүчөсү, бригадалык генерал Иса Усман Кулибали.
Аскердик бийликтин билдирүүсүнө караганда, генерал Камара менен кошо анын жубайы жана эки небереси каза болгон, мындан тышкары, жардыруунун натыйжасында анын үйүнүн жанындагы мечит урап, ал жерде дагы бир нече адам набыт кеткен.
Туарегдердин "Азавадды боштондукка чыгаруу фронтунун" (FLA) жана «Жамаат Нусрат аль-Ислам валь-Муслимин" ("Исламды жана мусулмандарды колдоо биримдиги" JNIM) жихадчыл тобунун согушкерлери ишемби күнү эртең менен Катиден тышкары Бамакодогу жана анын айланасындагы, ошондой эле өлкөнүн түндүгүндөгү жана борборундагы Кидал, Гао жана Севаре шаарларындагы аскердик базаларга жана башка объектилерге бир убакта чабуул жасашкан.
AFP агенттиги жекшемби күнү кечтин кириши менен белгилегендей, хунтанын башчысы, генерал Ассими Гойта ишемби күнү эртең мененден бери коомчулукка көрүнө элек жана эч кандай билдирүү жасай элек. Агенттиктин Малинин күч түзүмдөрүндөгү анонимдүү булагынын айтымында, ал ишемби күнү Катиден коопсуз жерге - Бамаконун жанындагы атайын багыттагы аскерлердин базасына эвакуацияланган.
Мындан тышкары, AFP маалыматы боюнча, ишемби күнү Катидеги салгылашууларда Мали чалгындоо кызматынын башчысы генерал Модибо Коне жана Башкы штабдын башчысы генерал Умар Диарра жаракат алышкан. Би-Би-Сиде бул маалыматты башка булактардан тастыктаган же төгүндөгөн маалымат жок.
Туарегдер Кидалды кайтарып алганын жарыялоодо
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жекшемби күнү FLAнын расмий өкүлү X социалдык тармагында Кидал шаарындагы орусиялык "Африка корпусунун" бөлүгү FLA менен макулдашуу боюнча өз базасын таштап кеткенин жана азыр шаар толугу менен топтун көзөмөлүндө экенин билдирди.
"Африка корпусу" - бул 2023-жылдагы козголоңдон жана "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин каза болгондон кийин Орусиянын Коргоо министрлигине түздөн-түз баш ийүүгө өткөн "Вагнердин" Африкадагы бөлүктөрүнүн мураскери.
Малинин чөлдүү түндүгүндөгү 15 миң калкы бар Кидал шаарчасы тогуз жылдан ашык убакыт бою, 2023-жылдын аягына чейин туарег жикчилдеринин таяныч пункту болгон, андан соң аны "Африка корпусунун" катышуусу менен Мали хунтасынын армиясы басып алган.
"Африка корпусунун" Телеграм-каналдары Кидалдан чыгып кетүү тууралуу кабарларды тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Алар корпус Мали армиясы менен бирге авиацияны колдонуу менен козголоңчулардын чабуулдарын, анын ичинде Кидалда базага жасалган төрт чабуулду ийгиликтүү кайтарганын билдиришүүдө. Бирок бул орусиялык жалданма аскерлер чабуулдарды кайтарып, андан кийин ок атууну токтотуу жана базаны таштап кетүү боюнча макулдашкан вариантты жокко чыгарбайт.
AFP агенттиги Кидалдын тургунуна таянып, шаардан аскердик колонна чыгып кеткенин жана көчөлөрдө козголоңчулар пайда болгонун кабарлайт.
France24 телеканалынын журналисти Васим Наср X платформасында пикап жана аскердик унаа сүйүнгөн согушкерлердин жанынан өтүп бараткан видеону жарыялады. Насрдын айтымында, бул орусиялык аскерлер базага шаардын сырткы позицияларындагы өздөрүнүн снайперлерин чогултуп жаткан учуру.
Ошол эле учурда Башкы штабдын башчысы генерал Умар Диарра жекшемби күнү мамлекеттик телеканалда Кидалда армия жөн гана позицияларды тактикалык алмаштырууну ишке ашырганын жана бул аймактагы операциялар уланып жатканын билдирди.
Малинин башка жерлериндеги абал тууралуу маалыматтар да үзүл-кесил келүүдө.
Дүйнөлүк агенттиктер жана аймактык басылмалар кабарлагандай, жекшемби күнү Катиде тынчтык орноп, атышуулар токтоду.
Гаодо да, айрым маалыматтарга караганда, тынчтык орноду. AFP козголоңчулар шаардын чет жакаларында позицияларды ээлегенин жазууда.
Ал эми Севареден атышуулар уланып жатканы тууралуу кабарлар түшүүдө.
Алтынга бай өлкө
Мали — Африканын түндүк-батышындагы аянты 1,24 млн кв.км жана калкы болгону 22 миллионго жакын адамды түзгөн өлкө. Калктын басымдуу бөлүгү - мусулмандар.
1960-жылга чейин Мали Франциянын колониясы болгон.
Негизинен көчмөн эл болгон туарегдер калктын 3,5%ын гана түзөт. Алар негизинен Малинин түндүгүндөгү кеңири чөлдүү аймактарда жашашат.
Мали алтын казуу жана экспорттоо көлөмү боюнча Африка өлкөлөрүнүн арасында үчүнчү орунда турат.
Үч өлкө, үч хунта
Малиде 2020-жылы мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында бийликти басып алган генерал Ассими Гойта баштаган аскердик хунта башкарат.
Хунта бийликке келгенде элдик колдоого ээ болгон. Аскерлер өлкөнү созулуп кеткен кризистен чыгарууну жана укуктук тартипти калыбына келтирүүнү убада кылышкан.
Борбордук бийликке негизги коркунучту түндүктөгү этникалык туарегдердин жикчил көтөрүлүшү жана "Аль-Каидага" союздаш болгон «Жамаат Нусрат аль-Ислам валь-Муслимин" ("Исламды жана мусулмандарды колдоо биримдиги" тобунун жихадчылары туудурат.
Козголоңчул кыймыл менен күрөшүү үчүн 2013-жылы Малиде БУУнун тынчтык орнотуучу миссиясы жана француз аскерлери жайгаштырылган. Төңкөрүштөн кийин хунта аларды өлкөдөн кууп чыгып, "Вагнердин" орусиялык жалданма аскерлерин чакырган, кийинчерээк алардын ордун "Африка корпусу" баскан.
Бирок жихадчыл козголоңчул кыймыл басаңдабай жатат жана өлкөнүн түндүгү менен чыгышынын олуттуу бөлүгү өкмөттүн көзөмөлүнөн тышкары калууда.
2024-жылы аймакта мамлекеттер аралык аскердик союз - Сахель мамлекеттеринин конфедерациясы түзүлгөн. Ага Буркина-Фасо, Мали жана Нигер кирген. Бул үч өлкөнүн тең башында төңкөрүштөрдүн натыйжасында бийликке келген аскердик хунталар турат.
































