Косовонун мурдагы президенти Хашим Тачи аскер кылмыштары үчүн 25 жылга соттолду

Сүрөттүн булагы, Koen van Weel / ANP / AFP via Getty Images
Косово боюнча атайын сот Хашим Тачи жана дагы үч айыпталуучуну 1998–1999-жылдардагы согуш учурунда адамдарды мыйзамсыз кармоо, ырайымсыз мамиле кылуу, кыйноо жана киши өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп тапты. 58 жаштагы Тачи 25 жылга эркинен ажыратылды, анын шериктери 13 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө кесилди. Тачи күнөөсүн мойнуна алган жок.
Атайын соттун чечимине ылайык, Хашим Тачи, Кадри Весели, Якуп Красничи жана Режеп Селими 385 адамды мыйзамсыз кармоого, 49 адамга ырайымсыз мамиле кылууга, 303 адамды кыйноого жана 96 адамды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылды.
Ошол эле учурда сот айыптоочу тарап жарандарга каршы кеңири масштабдагы же системалуу чабуулдар болгонун далилдеген жетиштүү далилдерди келтире алган жок деп чечип, төртөөнү адамзатка каршы кылмыштар боюнча күнөөсүз деп тапты.
Соттун чечимине ылайык, Тачи жана анын шериктери Косовону бошотуу армиясынын саясий жана аскердик максаттарына каршы деп эсептелген адамдарды, анын ичинде башка күчтөргө кошулган косоволук албандарды, Сербия бийлиги менен байланышы бар деп шектелген адамдарды жана айрым этностук азчылыктардын, анын ичинде рома жана сербдердин өкүлдөрүн мыйзамсыз куугунтуктоого олуттуу салым кошкон.
Сот дээрлик бардык учурларда жабырлануучулар кылмыштуу ишке аралашканын же Косовону бошотуу армиясына коркунуч туудурганын далилдеген фактыларды тапкан эмес.
"Көпчүлүгү кылмыштуу пландын алкагында жабыр тарткан бейкүнөө карапайым тургундар болгон. Анын алкагында алар көбүнчө жаңылыш жана, эреже катары, эч кандай негизсиз коллаборационист же тыңчы катары жарыяланган", - деп белгиледи атайын сот.
Сот отурумдары учурунда төрагалык кылган судья сот Косовону бошотуу армиясынын легитимдүүлүгү жана анын Косовонун көз карандысыздыгына жетишүү максаты тууралуу маселени карабай турганын белгиледи. Сот анын айрым мүчөлөрү бул максатка жетүү үчүн колдонгон ыкмаларды гана караган.
Судья ошондой эле бул сот жараянында серб аскерлери жана аскерлештирилген түзүмдөрү косоволук албандарга каршы жасаган кылмыштар каралбай турганын билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Reuters агенттигинин жазышынча, сот өкүмүн окуп жатканда Тачи унчукпай турган. Ал өкүмгө апелляциялык арыз бере алат.
Хашим Тачи 1990-жылдары Косовону бошотуу армиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Соттун чечимине ылайык, ал Косовону бошотуу армиясынын Башкы штабынын мүчөсү жана саясий бөлүмүнүн башчысы катары кылмыштарда негизги роль ойногон.
Мындан тышкары, Тачи парламенттин 13 мүчөсүн кармоого жана суракка алууга, ошондой эле албан активистин кармап, өлтүрүүгө жеке өзү катышкан.
Косовону бошотуу армиясынын Башкы штабынын мүчөсү, басма сөз катчысы жана орун басар жетекчиси болгон Якуп Красничинин ролу да негизги болгон деп тапкан сот аны Тачи сыяктуу эле 25 жылга эркинен ажыратты.
Кадри Весели согуш учурунда да, кийин тынчтык мезгилинде да чалгын кызматын жетектеген. Сот аны 18 жылга эркинен ажыратты. Соттун белгилешинче, көптөгөн адамдарды кармоого же өлтүрүүгө негиз болгон "чалгын маалыматтары" иш жүзүндө "текшерилбеген ушак-айыңдар" болгон.
Режеп Селими Косовону бошотуу армиясынын башкы инспектору болгон. Соттун пикиринде, анын таасири башка айыпталуучуларга караганда азыраак болгон. Ал 13 жылга эркинен ажыратылды.
Өкүм жарыяланган күнү Приштинада жана Гаагада Хашим Тачинин тарапташтары чогулду. Косоволуктардын көбү аны баатыр деп эсептейт.
Косово 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин Тачи жарым-жартылай таанылган өлкөнүн өкмөтүндө премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр жана тышкы иштер министри кызматтарын аркалаган.
2016-жылдан 2020-жылга чейин Тачи Косово Республикасынын президенти болгон. Ал Косово боюнча атайын прокуратура ага айып таккандан кийин кызматтан кеткен. Ошондон бери ал Гаагада камакта кармалып келген.
"Тынчтык мезгилинде саясий катачылыктарга барышым мүмкүн, бирок аскер кылмыштарына - эч качан", - деген Тачи 2020-жылы.




























