Жапаров менен Путин Москвада эмнени талкуулады?

Видеонун түшүндүрмөсү, Жапаров менен Путин Москвада эмнени талкуулады?
Жапаров менен Путин Москвада эмнени талкуулады?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-апрелде Москвада Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушту. Муну орусиялык журналисттер чукул жана жабык жолугушуу деп сыпаттады. Ошондой эле аны Евробиримдиктин Кыргызстанга байланышкан санкцияларды киргизген учурга туш келгенине көңул бурушту.