"Таракандар" бийликке каршы митингге чыкты

Видеонун түшүндүрмөсү, "Таракандар" бийликке каршы митингге чыкты
"Таракандар" бийликке каршы митингге чыкты
Published

Индиянын борбору Нью-Дели шаарында жаштар жана студенттер баштаган массалык нааразылык акциялары өтүүдө. Миңдеген киши парламентке карай жөө жүрүшкө чыгып, билим берүү министринин кызматтан кетишин талап кылууда.

Полиция "Таракандар" кыймылынын катышуучуларын союл менен таратууга аракет кылып, көздөн жаш агызган газ колдонду. Бирок ага карабай акциялар бир нече аптадан бери өтүүдө.

"Таракандардын" айтымында, мамлекеттик экзамендин суроолору көп жылдан бери сатылып келет, бийлик ага каршы күрөшпөй жатат. Бул жагдай өлкөнүн "билим берүү системасындагы олуттуу көйгөйлөрдөн кабар берет".

Индиянын башкы соту жумушсуз жүргөндөрдү тараканга теңеген соң жаштар Cockroach Janta Party (таракан) аттуу кыймыл түзүшкөн.