"Убакыт келгенде айтабыз": Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулу баш болгон сот отуруму уланды

сот
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бүгүн, 1-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон сегиз адамдын иши боюнча сот отуруму уланды. Отурумга айыпталуучулардын баары келди. Иш купуя каралып жаткандыктан сотко келген айыпталуучулар ачык маалымат берүүдөн баш тартышты.

"Мандат, сот маселеси, айып угузуу боюнча баары бүткөндө маалымат беребиз. Чуркап, бизге дагы, өзүңөргө дагы ыңгайсыздык жарата бербеңиздер. Интервью берүүдөн качканым жок. Кудай буйруса баарын убакыт келгенде айтабыз. Азыр сабыр кылып туруңуздар",- деди мурдагы депутат Курманкул Зулушев.

"Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү", "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып жаткан сегиз адамдын иши тергөө аяктагандан кийин алгачкы жолу 18-майда сотто каралган.

Ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, процесс жабык өтүп жатат. Айыпталуучулар да, алардын жактоочулары да иштин жүрүшү боюнча толук маалымат бере элек.

Бирок отурумда жактоочулар тарабынан процессти ачык өткөрүү өтүнүчү келтирилип, ал канааттандырылбаганы маалым болду. Муну Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов да ырастап, кийинки отурум 1-июнга жылдырылганын кошумчалады.

Эмилбек Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоевдин айтымында, сот отурумунда иштин материалдары менен таанышуу тууралуу өтүнүч келтирилип, ал жарым-жартылай канааттандырылды.

Ошондой эле ал айыпталуучу Узакбаевдин ден соолугу начарлап кеткенин белгилеп, бул жагдай боюнча апелляциялык даттануу берилгенин да айтты. Бирок бул даттануу канааттандыруусуз калтырылганын кошумчалады.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев менен бирге мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев да аталган берене боюнча айыпталып жатат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгонун 29-апрелде ырастап, сотто акталарына ишенерин билдирген.

"Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн", - деп билдирген Ташиев.

Апрель айынын соңунда Ташиев менен кошо мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигине суракка чакырылганы кабарланган. Сурак тууралуу убагында ИИМ маалымат берген эмес.

27-апрелде президент Садыр Жапаров "Кактус.Медиага" курган маегинде Жогорку Кеңештеги саясий интригаларга, "75чилердин катына" Камчыбек Ташиевдин тиешеси-бар жогун сот аныктай турганын айткан.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ташиевди кызматтан алардын алдында, 9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Башмыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.

ИИМ 9-февралда интернетте тараган мындай маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.

Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.

Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.