Украинага жапырт чабуул жасалды. Каза болгондордун арасында балдар да бар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиялык аскерлер 30-июлга караган түнү Украинага ракета жана дрондор менен жапырт сокку урду. Львовдо көп кабаттуу үйлөр талкаланды, Киевде жана Днепропетровск облусунда каза болгондор жана жабыркагандар бар.
Түндө Украинага 70 ракета жана 280 дрон менен чабуул коюлганын өлкөнүн президенти Владимир Зеленский билдирди. Киевге, Киев облусуна, Днепропетровск, Полтава жана Львов облустарына сокку урулду. Ошондой эле Харьков, Николаев, Сумская жана башка бир нече облустар чабуулга кабылды.
"Ондогон көп кабаттуу үйлөр, жарандык ишканалар, инфраструктуралык объектилер талкаланып, зыянга учурады", - деди Зеленский. Анын айтымында, жалпысынан өлкө боюнча сегиз адам каза тапканы белгилүү болду.
Киев жана Киев облусу
Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, шаарга баллистикалык ракеталар менен сокку урулду.
Украинанын борбор шаарына коюлган чабуулдун натыйжасында бир адам каза таап, дагы экөө жараат алганын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди. Украинанын Улуттук полициясы каза болгон адам Киевдин 31 жаштагы тургуну болгонун тактады. Анын сөөгү Киевдин Святошин районундагы гараж кооперативинин аймагында чыккан өрттөн кийин табылган.
Киевдин Оболон районундагы базарда да өрт чыгып, жалын бери дегенде 100 чарчы метр аянтты каптаган.
Киев облусунун администрациясы маалымдагандай, Бровар районундагы Скибин айылында беш адам, анын ичинде жашы жете элек бала жабыркады. Айылда эки кабаттуу турак үй жарым-жартылай талкаланып, эки кошуна үйгө зыян келтирилген.
Львов
Львов шаарынын мэри Андрей Садовый шаарга сокку таңкы саат 4:45те урулганын билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жалпысынан 20дан ашык үй, ошондой эле мектеп жана эки бала бакча жабыркаганын мэр өзүнүн телеграм-каналында жазды. Анын айтымында, Патон жана Выговский көчөлөрүндөгү эки көп кабаттуу үй талкаланган.
Кийинчерээк Львов облустук администрациясынын башчысы Максим Козицкий Орусиянын соккусунан жабыркагандардын саны 31 адамга жеткенин билдирди. Украинанын Улуттук полициясынын маалыматы боюнча, 33 адам, анын ичинде үч бала жараат алды.
Куткаруу кызматтары жабыркагандарды урандылардын астынан бир нече сааттан бери чыгарып жатышат. Тогуз адам куткарылып, көпчүлүгү ооруканага жаткырылды. Козицкийдин айтымында, дагы үч адам урандылардын астында кала берүүдө жана аларды куткаруу операциясы уланып жатат.
Украинанын батыш аймактарына Орусиянын чабуулунан кийин Польша бейшембиге караган түнү аба мейкиндигин коргоо үчүн аскердик учактарды асманга көтөрдү. Бул тууралуу Reuters агенттиги Польшанын Куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүнө шилтеме жасап билдирди.
"Истребитель жана эрте мөөнөттө эскертүү берүүчү учак операцияларды баштады, абадан коргонуу системалары жана радиолокациялык чалгындоо системалары даярдык абалына келтирилди", - деп айтылат билдирүүдө. Анда ошондой эле бул чаралар алдын алуучу мүнөздө болгону белгиленет.
Днепропетровск облусу
Днепропетровск облусунун Радушное айылында (Кривой Рогдун чет жакасы) көп балалуу үй-бүлө жашаган үйгө "Искандер-М" баллистикалык ракетасы түшкөн.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, бул үйдө 10 балалуу үй-бүлө жашачу. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Орусиянын соккусунан балдардын ата-энеси жана 17, 11 жана 6 жаштагы үч бала каза болду. Үйдө башка балдар да болчу, алар да жараат алышты.
Ракета жалпысынан эки үйдү талкалап, беш үйгө зыян келтирилди.
Орусиянын Коргоо министрлиги бейшемби күнү эртең менен Украинага жапырт чабуул коюлганын тастыктады. Министрлик "аскердик өнөр жай ишканаларына, телекоммуникациялык жана логистикалык борборлорго" сокку урулганын билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги Львовдогу "Фламинго" жана "Нептун" ракеталарын чыгарган ишканалар, Кривой Рогдогу дрондорду чогулткан заводдор бутага алынганын ырастайт.
Rыргыз тилине Зейнеп Мартбек кызы которду
































