You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жеффри Эпштейн ким болгон? Таасирдүү байланыштары бар, абийири төгүлгөн финансист
"Мен сексуалдык жырткыч эмесмин, мен укук бузган адаммын. Бул киши өлтүргөн адам менен капчыкты уурдаган адамдын ортосундагы айырма сыяктуу", - деген эле 2011-жылы Жеффри Эпштейн New York Post басылмасына.
Эпштейн 2019-жылдын 10-августунда Нью-Йоркто, түрмөдөгү камерасында каза болгон. Ага сексуалдык эксплуатация максатында адам сатуу боюнча айыптар коюлган эле. Эпштейнге күрөө төлөп абактан чыгуу мүмкүнчүгү берилген эмес.
Бул окуя ал жашы жете элек кызды сойкулукка азгыргандыгы үчүн соттолуп, сексуалдык кылмышкер катары каттоого алынгандан он жылдан ашык убакыт өткөн кийин орун алды.
Бул жолу ал жыныстык максатта өспүрүм кыздардын "кеңири тармагын" уюштурганы үчүн айыпталып жаткан. Ал күнөөсүн моюнуна алган эмес.
2025-жылдын ноябрында АКШ Конгрессинин эки палатасы тең көпчүлүк добуш менен Эпштейндин файлдарын ачыктоону жактырды. Андан көп өтпөй президент Трамп бул мыйзамга кол коюп, Юстиция министрлигине 19-декабрга чейин Эпштейнге байланыштуу жүргүзүлгөн кылмыш иликтөөлөрүнүн бардык материалдарын жарыялоону тапшырган.
Белгиленген күнгө карата материалдардын айрымдары гана жарыяланды, ал эми калган бөлүгү кийинки жумаларда четинен жарыяланып жатты.
Алардын баары жарыяландыбы же жокпу - белгисиз. Башкы прокурордун орун басары Тодд Бланш 30-январда жарыкка чыккан файлдар "документтерди аныктоо жана кылдат карап чыгуу боюнча өтө кеңири процесстин жыйынтыгы" экенин айтты.
Бирок активисттер, анын ичинде оппозицидагы демократтар, департамент дагы да көптөгөн материалдарды тийиштүү негиздемеси жок эле жашырып жатканын айтышууда.
Буга чейин АКШ бийлиги коомчулукка чыгарган материалдар маркум финансисттин жашоосу жана анын таасирдүү чөйрөсү тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарды.
"Мыкты жигит"
Нью-Йоркто туулуп өскөн Эпштейн 1970-жылдардын ортолорунда аталган шаардагы жеке менчик Далтон мектебинде математика жана физикадан сабак берчү. Ал бул предметтерди университетте окуп, бирок окуусун аягына чыкпай калган.
Анын бир окуучусунун атасы ушунчалык таасирленгени айтылат, андан соң ал Эпштейнди Уолл-стриттеги "Bear Stearns" инвестициялык банкынын улук өнөктөшү менен байланыштырып койгон.
Эпштейн аталган банкта төрт жылдын ичинде өнөктөшкө айланган, ал 1982-жылы өзүнүн "J Epstein and Co" аттту биринчи фирмасын негиздейт.
Анын компаниясы кардарлардын 1 миллиард АКШ долларга тете суммадагы активдерин башкарып, дароо эле ийгиликтүү болуп чыга келет. Эпштейн мындан көп өтпөй байлыгын чача баштайт - Флоридадан кымбат үй, Нью-Мексикодо ранчо сатып алат. Ошондой эле, айың кептерге караганда, Нью-Йорктогу эң чоң жер үйдү сатып алып, белгилүү адамдар, сүрөтчү, саясатчылар менен мамиле түзө баштайт.
"Мен Жеффти 15 жылдан бери тааныйм. Мыкты жигит. Ал абдан шайыр. Ал дагы мен сыяктуу сулуу аялдарды аябай жакшы көрөт дешет, алардын көбү жашыраак кыздар," - деп айткан Трамп 2002-жылы New York журналына Эпштейн тууралуу маек берип жатып.
"Мындан шек санабагыла, Жеффри өзүнүн социалдык жашоосунан ырахаттанат", - деп кошумчалаган ал.
Президент Трамп кийинчерээк Эпштейн биринчи жолу камакка алынганга чейин, ал экөө 2000-жылдардын башында урушуп кетишкенин айтат. Ал Эпштейн менен байланышта туура эмес иштерди жасаганын дайым четке кагып келет.
Ак үйдүн билдиришинче, Трамп Эпштейнди өзүнүн клубунан "он жыл мурда, анын аял кызматкерлерине карата начар мамилеси үчүн" чыгарып салган.
Трамп өзү болсо Эпштейн анын Mar-a-Lago пляжындагы спа-клубунан жаш кыздарды "уурдап" кеткенин айткан. "Ал ушул ишке барары менен, аны менен иш бүткөн".
Трамптан тышкары, Эпштейн башка жогорку даражадагы адамдар менен дагы достук мамиледе болгон, бул - ал адамдар туура эмес иштерди кылган дегенге жатпайт.
2002-жылы Эпштейн өзүнүн жеке менчик учагы менен мурунку президент Билл Клинтонду, актерлор Кевин Спейси жана Крис Такерди Африкага алып барып келген. 2003-жылы ал "New York" журналын ал кездеги кинопродюсер Харви Вайнштейн менен чогуу сатып алууга аракет кылып, бирок ал ойлору оңунан чыккан эмес. Ошол эле жылы ал кайрымдуулук катары Гарвард университетине 30 миллион АКШ долларын берет.
Ал ошондой эле Британиядагы саясатчы Питер Мандельсон менен дос эле, бирок Мандельсон буга кийин өкүнөт, себеби Эпштейн менен достошкону үчүн ал 2025-жылы АКШдагы элчи кызматынан кол жууп, кийинчерек Лейбористтер партиясынан дагы отставкага кетти.
Бийликтин бийик сересиндеги адамдар менен достугуна карабай Эпштейн жеке жашоосун жашыруун кармагысы келген, ал социалдык кечелерден же ресторандардагы тамактануудан качканы айтылат.
Ал Швециядагы Сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Ева Андерсен Дубин жана басмаканачы Роберт Масквеллдиндын кызы Гислейн Масквелл менен кыз-жигит мамилесинде болгон, бирок эч качан үйлөнгөн эмес.
"Tiffany & Co" компаниясынын мурунку башкы директору Роза Монктон 2003-жылы "Vanity Fair" журналына Эпштейн тууралуу ал "аябай сырдуу" жана "айсберг сыяктуу" деген.
"Сен аны билем деп ойлошуң мүмкүн, бирок пияздын бир кабыгын сыйрыганда, анын астында дагы бир өзгөчө нерсе бардай болчу. Көзүң менен көргөнүңдөн башкача эле". - деген ал.
Сот өкүмү жана келишимге баруу
2005-жылы Флоридадагы 14 жаштагы кыздын ата-энеси полицияга кайрылып, Эпштейн Палм-Бичтеги үйүндө алардын кызына сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтышат. Полиция анын үйүн тинтүү маалында башка кыздардын сүрөттөрүн да табышкан.
"Miami Herald" басылмасы анын жашы жете элек кыздарга зомбулугу көп жылдар бою орун алганын жазат.
"Бул "ал айтты, бул айтты" деген жагдай эмес болчу. Мында 50гө жакын кыз жана бир эркек болгон, жана ошол кыздардын баары негизинен бирдей окуяны айтып беришкен", - деп Палм-Бичтин полиция башчысы Майкл Рейтер гезитке билдирген.
"Ал кыздар жөнүндө оюн эч качан жашырчу эмес", - деген 2007-жылы "New York" журналынын колумнисти Майкл Вольф. Ал Эпштейндин иши боюнча сот өтүп жаткан кез эле.
"Анда көйгөйлөр пайда боло баштаган маалда бир жолу ал мени менен сүйлөшүп жатып, "Эмне дей алам эми, мага жаш кыздар жагат" деген эле. Мен ага "Балким сен, "мага жаш аялдар жагат" деп айтышың керек дегем" .
Бирок 2008-жылы прокурорлор хедж-фонддун жетекчиси менен келишимге барышат.
Ошентип ал өмүр бою абакка кесилип кете турган федералдык айыптоолордон кутулуп, анын ордуна 18 айга түрмөгө кесилет, бул убакыт аралыгында ал жумасына алты жолу 12 саатка офисине "жумушуна" бара алчу. 13 айдан кийин ал шарттуу түрдө абактан бошотулат.
"Miami Herald" басылмасы федералдык прокурор Александр Акоста Эпшейнди күнөөсүн мойнуна алдыруу менен келишимге барганын жазат, бул жагдай анын кылмыштарынын масштабын жашырат жана ФБРдин курмандыктардын саны мындан көп болгонбу же бул иште дагы таасирдүү адамдар болушу мүмкүнбү деген иликтөөсүн токтотот. Гезит муну "кылымдын келишими" деп атайт.
Акоста 2019-жылы июлда ушуга байланыштуу ызы-чуудан улам отставкага кетет, бирок ал өзүнүн аракеттерин Эпштейн жок дегенде түрмөгө отурганы менен актаган.
2008-жылдан тарта Эпштейн Нью-Йорк штатынын сексуалдык кылмыштар реестринде үчүнчү деңгээл менен белгиленген. Бул өмүр бою бериле турган белги, ал Эпштейн кайрадан кылмышка бара ала турган, тобокелчилиги жогору топко кирерин билдирген.
Бирок Эпштейнге өкүм чыккандан кийин деле өз мүлкүн жана активдерин сактап кала алган.
2010-жылдын декабрында Елизавета IIнин уулу, Эндрю Маунтбаттен Виндзор, ал кезде ханзаада Эндрю катары таанымал болчу, Нью-Йорктун Борбордук паркында Эпштейн менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, бул сүрөт талаштуу талкууларга жем таштаган.
Би-Би-Сиге 2019-жылы берген интервьюсунда Эндрю Эпштейнди 1999-жылдан бери тааный тургандыгын, 2010-жылы Нью-Йоркко аны менен достук мамилесин үзгөнү барганын айтып берген. Эндрю ал сапарында финансисттин үйүндө болгонуна өкүнөрүн айткан.
Жылдар өтүп ачыкка чыккан 2011-жылдагы каттарга караганда, Эндрю Эпштейн менен мурда айткандан да узагыраак байланышта болгон. Андан кийин орун алган ызы-чуудан соң 2025-жылы Эндрю королдук макамдарынан ажыратылган.
Эпштейнге каршы айыптоолор менен чыккан, Вирджиния Жуффре деген ат менен белгилүү Виржиния Робертс, ал 17 жаштагы кезинде, 2000-жылдардын башында аны Эндрю менен жыныстык катнашка барууга мажбурланганын айтып чыккан.
Эндрю ал кыз менен жыныстык катнашка барганын караманча танып, Лондондо анын менен чогуу сүрөткө түшкөнү эсинде жок экенин айткан.
Бирок 2022-жылы ал Жуффреге миллиондогон доллар төлөп, сексуалдык зомбулук тууралуу берилген доо арыз менен кайрылган ишти тынчтык жолу менен бүтүргөн.
Эпштейн 2019-жылы 6-июлда жеке менчик учагында Парижден Нью-Йоркко кайтып келе жаткан учурда камакка алынган.
Прокурорлор айрым кылмыштар орун алган делген анын Нью-Йорктогу үйүн конфискациялоону көздөгөн болушу мүмкүн.
Эпштейн өзүнө карата айыптоолорду четке кагып, күнөөсүн мойнуна албай келген.
Күрөө менен абактан бошотуу арызын сот четке каккандан кийин ал Нью-Йорктогу Метрополитен түзөтүүчү борборунда кармалып турган. Июлда аны мойнунан алган жараттарынан улам ооруканага алып келишкен. Түрмөнүн расмийлери жана анын жактоочулары бул туурасында расмий түрдө комментарий беришкен эмес.
Ал 31-июлда сотко акыркы жолу келгенде, ага байланыштуу иш 2020-жылдын жай айларынан эрте башталбай тургандыгы анык болгон. Прокурорлор соттун узакка созулушун каалабастыгын, аны тездетүү коомчулуктун кызыкчылыктарына туура келерин айтып чыгышкан.
Ошентип Эпштейн сотко жетпей калган.
Максвеллдин соту
Эпштейн каза тапкандан кийин анын мурдагы сүйлөшкөн кызы Гислейн Масквеллдин соту коомчулуктун көңүл борборунда болду.
Масквелл 2020-жылы июлда кезинде Эпштейнге жашы жете электерге зомбулук кылууда шериктеш болуп, өспүрүмдөрдү азгырган деген шек менен Нью-Гэмпшир штатындагы обочодогу үйүндө кармалган.
2021-жылы декабрда Масквелл Нью-Йорк шаарынын соту тарабынан ага коюлган алты пункттан турган айыптын бешөө боюнча кнөөлүү деп табылган. Алардын ичиндеги эң эле олуттуу айыптоо бул - жашы жете электерди сексуалдык эксплуатациялоо максатында сатуу болгон. Аны 20 жылга абакка кесишкен, бул 60 жаштагы Масквелл жашоосунун калган бөлүгүн абакта өткөрөт дегенди билдирет.
Оксфорддо окуган Максвелл Эпштейнди өзүнүн байлыгы жана бийлиги бар Билл Клинтон жана Эндрю сыяктуу достору менен тааныштырган.
Достору Максвелл менен Эпштейндин романтикалык мүнөздөгү мамилеси болгону бир нече жылга созулса дагы, ал аны менен андан кийин да көпкө чогуу иштегенин айтышкан.
Соттун материалдарында, Эпштейндин Палм-Бичтеги үйүндө Максвелл өзүн үй кожойкесиндей алып жүргөнү айтылат, ал кызматкерлерге баш-көз болуп, каржы жагын карап, коомдук координатордун милдетин да аткарган.
2003-жылы "Vanity Fair" журналында жарыяланган макалада Эпштейн Максвелл анын айлык алган кызматкери эмес, "эң жакын досу" экенин айткан.
Сот процессинин жүрүшүндө прокурорлор Максвелл Эпштейндин зордук-зомбулук көрсөтүүсү үчүн жаш кыздарды таап, аларды азгырып келген деп айыпташты. Ал эми анын жактоочулары Максвелл Эпштейн өлгөндөн кийин анын кылмыштары үчүн курмандык катары колдонулуп жатканын айтып чыгышты.
Деген менен Максвеллге карата сот өкүмү чыккандан кийин ал өкүнгөнүн билдирип, "Жашоомдогу чоң өкүтүм Жеффри Эпштейнди жолуктурганым" деген.
"Бирок бүгүн, жыйынтыгында, сөз Эпштейн тууралуу эмес. Мен үчүн бул менин өкүмүм жана жабырлануучулардын мага карата дооматы. Силерге айтар сөзүм: силер тарткан азап үчүн кечирим сурайм. Мага карата чыккан өкүм жана катаал шартта абакка кесилишим силерге тынчтык алып келет деп үмүттөнөм" - деген ал.
Максвеллдин жактоочулары өкүмгө каршы арызданышып, ал бул схемага катышы бар деп соттолбошу керек эле деген жүйө келтиришкен. Бирок бул арызды АКШнын Жогорку Соту четке каккан.