Индия: Нью-Делидеги өрттөн үч кыргызстандык каза болду. Алар боор алмаштырууга барышкан

ап

Сүрөттүн булагы, Reuters

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

3-июнда Индиянын борбору Нью-Дели шаарындагы мейманканалардын биринде чыккан өрттөн 21 адам каза болду. Өлгөндөрдүн үчөө Кыргызстандын жарандары экени айтылды.

"Нью-Дели шаарынын Малвия Нагар районунда жайгашкан Florist Inn мейманканасында чыккан өрттүн кесепетинен 21 адам, алардын арасында Кыргыз Республикасынын үч жараны 1976-жылы туулган Х.Н., 2003-жылы туулган Х.Т. жана 1950-жылы туулган К.М. каза болду" деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимовдун Би-Би-Сиге айтканына караганда, бул жарандар боор алмаштырып, жакынкы күндөрү Кыргызстанга кетүүгө камынып жатышкан:

"Алардын бири - донор, бири – оорукчан адам, дагы бири, эң улуусу - аларды карап жүргөн. Алар Max деген госпиталда дарыланып чыгып, ушул мейманканада жашап, базар күндөрү кете турган болуп жатышкан. Ал жерде газ баллон жарылган деп полиция алдын ала айтып жатат. Азыркы учурда полиция өлгөндөрдү өлүкканага алып барып, эмне себептен өлдү деп, себептерин аныктоо боюнча экспертиза жүргүзүп, иликтеп жатат. Биз маркумдардын таякесин таап, байланыштык. Тышкы иштер министрлигинин түштүктө бөлүмү бар. Алар да азыр башка туугандарын такташат".

Аскар Бешимов маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тилсиз жоо имаратты каптап, ичиндеги адамдардын сыртка чыгуусуна кедергисин тийгизген.

Индиялык басылмалар 40тан ашык адам куткарылып, ооруканага жеткирилгенин жазышты. Өрт чыккан учурда имараттын ичинде канча адам болгону азырынча белгисиз. Өрттүн келип чыгуу себептери да али тактала элек.

Индиянын укук коргоо органдары билдиргендей, өрт учурунда мейманканада жашаган чет элдик жарандардын басымдуу бөлүгү Нью-Делидеги клиникаларда дарылануу максатында келген бейтаптар жана аларды коштоп жүргөндөр болгон.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бул конок үйү чет элдик жарандарды көп тартканы байкалат. Мунун себеби, анын Делиде дарыланууну көздөгөн бейтаптар үчүн негизги медициналык борбор болуп саналган Max Saket Superspeciality ооруканасына жакын жайгашкандыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн" деп жазды India Today басылмасы.

Басылма белгилегендей, бул мейманкана Делиге узак мөөнөткө дарыланууга келген жана өз алдынча тамак жасап ичүү мүмкүнчүлүгү бар салыштырмалуу арзан турак жай издеген медициналык туристтер үчүн ыңгайлуу шарт катары жарнамаланып келген.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди маркумдардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, каза тапкандардын жакындарына 200 000 рупий (2 088 доллар), ал эми жабыркагандарга 50 000 рупий өлчөмүндө кенемте төлөнөрүн жарыялаганын бир катар маалымат каражаттары жазышты.

Бул өрт акыркы жылдарда Индиянын борборунда катталган эң көп курмандыкка алып келген кырсыктардын бири болуп калды.

"Өрт абдан эрте көзөмөлгө алынды - аны чектөөгө тез эле жетиштик. Учурда биз имаратты толугу менен тазалап, полицияга өткөрүп бердик", - деди өрт өчүрүү кызматынын өкүлү Малик.

Бийлик органдары бул имараттын мейманкана катары иштөөгө тиешелүү уруксат кагаздарынын бар-жогун иликтеп жатканы маалым болду.