"Өзүмдү жоготуп койдум". Селде унаасы аккан Тилек аман калды

Селден аман калган Тилек Эркинбек уулунун жакындары түлөө өткөрүштү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Селден аман калган Тилек Эркинбек уулунун жакындары түлөө өткөрүштү
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 13-июль күнү сел жүрүп, суу агызган унаадагы 22 жаштагы улан – Тилек Эркинбек уулу аман-эсен куткарылды. Кыян бал челектерди агызып, эс алуу жайларын каптады. Быйыл Кыргызстанда сел жалпысынан сегиз адамдын өмүрүн алды.

Кечээ, 13-июль кече маал Ат-Башынын Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарынын ортосунда сел жүрүп, Lexus 300 үлгүсүндөгү унаа агып бараткан видео коомдук сайттарда желдей тарады. Бактыга жараша, унаанын ичиндеги 24 жаштагы Тилек Эркинбек уулу бир ажалдан калды. Сайдан түшкөн суунун көлөмү да, кубаты да күчтүү болгонуна карабай, ал машинеден аман-эсен чыгып, куткарылды.

"Машинени сел агызганда оюма эч нерсе деле келген жок, чынын айтсам. Өзүмдү жоготуп койдум. Ылдыйкы жолдон өткөндөн кийин ошол жакта өзүмө келдим. Машиненин рулун башкарып, жээктеп, ошол жактан чыктым", - деди Тилек Эркинбек уулу Би-Би-Сиге курган маегинде.

Үмүт Чегрткеева, Ача-Кайыңды айылынын тургуну
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үмүт Чегрткеева, Ача-Кайыңды айылынын тургуну

Тилсиз жоодон аман калган Тилектин үй-бүлөсү бал челек кармачу. Бал челектер дал ошол сел жүргөн сайда эле. Окуяга апасы да күбө болгон. Ал азыркыга чейин нес абалда. Бүгүн, 14-июлда дароо курмандык чалышып, баласына дем салдырып, ырым-жырымдарын жасашууда.

"Маңдайында машине келатат, балаң ичинде. Эч нерсе кыла албай калдык. Бакырып-өкүрүп эле…ошол кезди айтып бере албайм. Көз алдымдан кетпейт. Унутайын десең да унута албайсың. Балаң агып баратат машинеде, кыйкырып-өкүрүп жардам бере албайсың. Аябай коркуп калыптырбыз. Баламдын жүрөгүн көтөрттүрдүк", - деди Ача-Кайыңды айылынын тургуну Үмүт Чегирткеева.

Тилекти куткарууга ошол жерде жүргөн жергиликтүү тургундар да жардам берген. Алардын бири Ат-Башы районунун тургуну Кожожаш Султангазиев Би-Би-Сиге буларды айтып берди:

Кожожаш Султангазиев. Ат-Башы районунун тургуну
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кожожаш Султангазиев. Ат-Башы районунун тургуну

"Кыйкырып жатабыз, өкүрүп жатабыз. Бир маалда машиненин үстүнө чыкты. Бирок түшпөй койду. Анан сууну эки-үч метр кечип бардым. "Агасыз, агасыз" дешти. Кой, тигини чыгарганга аракет кылалы, суунун нугун көрсөтөлү дедим. Сууну бираз кечкенден кийин бала машинеден түшүп келди. Ал бала түшкөндөн кийин эле суу машинесин агызып кетти".

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайда буга чейин мындай сел жүргөн эмес. Ушул тапта Ат-Башы-Өзгөрүш унаа жолу ачылды. Чыгымдын көлөмү эсептелип жатат.

"Сайдын чекесиндеги бал өндүрүүчүлөрдүн бал челектерин агызды. Сарайларды, эс алуучулардын боз үйлөрүн каптаган. Жолду бөгөп калган. Ача-Кайыңды менен Баш-Кайыңды айылындагы көпүрөнү каптаган. Бул тилкеде буга чейин мындай окуя болгон эмес. Азыр комиссия окуя болгон жерде иштеп жатат", - деди Баш-Кайыңды айылынын айыл башчысы Рыскул Максатбеков

Кыргызстанда быйыл сел көп болуп, адам өмүрүн алган кайгылуу учурлар катталды. Ысык-Көлдө эки адам, Ош облусунда алты адам көз жумду.