"Орион" Тынч океанга конду. "Артемис II" тарыхый миссиясы ийгиликтүү аяктады

Капсула "Орион"

Сүрөттүн булагы, NASA HANDOUT/EPA/Shutterstock

Окуу убактысы: 3 мүнөт

"Орион" космостук кемеси бортундагы төрт астронавт менен Тынч океандын Калифорния жээгине конду. "Артемис II" экспедициясы соңку жарым кылымдан ашык убакыттан бери адамдын Айга биринчи жолу учушу, ал ийгиликтүү аяктады.

"Орион" АКШнын батыш жээгинин убактысы боюнча 17:08 (Гринвич убактысы боюнча 11-апрелде саат 00:08) сууга конду.

Астронавттар куткаруучулар менен спутниктик телефону аркылуу байланышууда кыйынчылыкка туш болду, алар өз аракеттерин Хьюстон шаарындагы учууларды башкаруу борбору аркылуу координациялап жатты. НАСА капсуланын сууга конгон учурун "окуу китебиндегидей идеалдуу" деп баалады.

"Орион" капсуласынын Тынч океандын жээгине конгон учуру

Сүрөттүн булагы, NASA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Орион" капсуласынын Тынч океандын жээгине конгон учуру

Төрт астронавт "абдан жакшы абалда" экени кабарланды.

НАСА башчысы Жаред Айзекман экипаждын конушун көргөндө абдан толкунданып, сөз таппай калганын айтты:

"Жаред азыр көргөнүнө ишене албай турат. Бул башталышы гана. Биз кайрадан астронавттарды Айга жөнөтүп, аларды аман-эсен кайтаруу ишин баштадык".

Эми астронавттардын Жерге кайтуусу кандай ишке ашканын айтып берели.

Модулдун бөлүнүшү

Модулдун "Ориондон" бөлүнгөн учуру

Сүрөттүн булагы, NASA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Модулдун "Ориондон" бөлүнгөн учуру

Атмосферага кирүүгө болжол менен 25 мүнөт калганда миссияны 10 күн бою башкарган модуль "Ориондон" ажырады.

Жерге кайтып жаткан экипаж атмосферадагы жылуулукка туруктуу келген калканды алдыга карай бурду.

Акыркы тактоо маневри башталып, капсула атмосферага кирүүгө даяр болду.

Бул "Ориондун" космосто тартылган сүрөтү, ал өзүнүн күн панелине орнотулган камера аркылуу тартылган

Сүрөттүн булагы, NASA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул "Ориондун" космосто тартылган сүрөтү, ал өзүнүн күн панелине орнотулган камера аркылуу тартылган

Атмосферага кирүү

Айдан кайтып келе жаткан "Орион" атмосферага саатына 25 000 миль (дээрлик 40 000 км/саат) менен кирди.

Ошондуктан кеме абдан жазы траектория менен кирип, туура бурчту сактоо өтө маанилүү болду. Жылуулук калканы 5000°F (2700°C ашык) температурага чыдайт — бул Күндүн бетинен болгону эки эсе "салкыныраак". Бирок атмосферага кирүү бурчу бир градуска эле ашып кетсе, температура кескин өсүп, кеме күйүп кетмек.

"Артемистин" алгачкы миссиясында (бортто учкучтар жок) кеменин жылуулук калканы олуттуу жабыркаган, бирок инженерлер бул көйгөйдү атмосферага кирүү бурчун өзгөртүү менен чечишкенин билдиришкен.

Адистердин айтымында, калкан өз милдетин жакшы аткарган, капсуланын ичиндеги температура кооптуу деңгээлге жеткен эмес. Эгер ичинде астронавттар болгондо да аман калышмак.

Космостон океанга чейин

Модуль атмосферага киргенден тартып сууга конгонго чейин болжол менен 13 мүнөт убакытты алды.

Атмосферага кирген учурда байланыш болжол менен 6 мүнөткө үзүлдү. Өтө жогорку ылдамдыкта учкан кеме абаны катуу ысытып, плазма пайда болот, ал радиосигналдарды жаап салат.

Ылдамдык 40 000 км/сааттан жүздөгөн км/саатка чейин төмөндөгөндө "Орион" 7,6 метр болгон эки парашютту чыгарды. Алар ылдамдыкты 500 км/саатка чейин азайтты.

Андан кийин үч негизги, диаметри 35 метрден ашкан парашют ачылып, "Орион" саатына болжол менен 32 чакырым ылдамдык менен Тынч океанга конду.

Конуу жана эвакуация

НАСАнын айтымында, "Орион" сууга каалагандай консо болот. Сууга түшкөндөн кийин автоматтык түрдө иштеген калкып туруучу түзүлүштөр аны туура абалга келтирет.

"Орион" капсуласынын сууга конгон учуру

Сүрөттүн булагы, NASA

НАСА жана АКШ жээк күзөтүнүн кемелери "Орионду" күтүп турду.

Болжол менен бир сааттан кийин капсуланын люгу ачылып, адистер ичине киришти. Капсуланын ичине төрт адис кирип, ар бир астронавттын абалын текшерди.

Алгачкы текшерүүдөн кийин экипаждын бардык мүчөсү өздөрүн жакшы сезип жатканын айткан.

Андан соң астронавттар кезек-кезеги менен атайын үйлөмө платформага чыгарылды. Экипаждын командири Рид Уайзмен акыркы болуп кемеден чыкты.

Тик учактар аларды USS John P Murtha аскердик кемесине жеткирип, андан ары Сан-Диего шаарындагы деңиз базасына алып кетишти.

Бул сүрөттө астронавттарды капсуладан чыгарып жаткан учуру тартылган

Сүрөттүн булагы, NASA/Handout via REUTERS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сүрөттө астронавттарды капсуладан чыгарып жаткан учуру тартылган

Трамп: Кийинки кадам — Марс!

АКШ президенти Дональд Трамп астронавттарды Жерге ийгиликтүү кайтып келиши менен куттуктап, аларды Ак үйгө чакырды.

"Улуу жана абдан таланттуу "Артемис II" экипажын куттуктайм. Учуу абдан кызыктуу болду, конуу идеалдуу өттү. АКШ президенти катары мен абдан сыймыктанам! Жакында Ак үйдө жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм. Биз муну дагы кайталайбыз, андан кийинки кадам Марс!", — деди Трамп.

"Артемиске" чейин Айды болгону 24 адам айланып учкан — булар 1969–1972-жылдары учкан "Аполлон" астронавттары эле. Эми Айды жакындан көргөн адамдардын саны жыйырма сегизге жетти.