Энергетика министрлиги: Бишкектеги жарыктын өчүшүнө себеп болгондор чыгымды толтурууга милдеттүү

a truck

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бүгүн, 6-июнда саат 15:40та Бишкек шаарында жана Чүй облусунун бир катар аймактарында электр энергиясынын өчүшү катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, борбор калаанын дээрлик 70 пайызы, ошондой эле Кант шаары, Байтик жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары жарыксыз калышты. Буга кошумча, электр менен кубатталган насостор, уюлдук операторлордун базалык станциялары иштебей айрым жерлерде суу жана байланыш кызматтары да жок болду.

Ошондой эле Бишкек ЖЭБинде жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгуу да убактылуу токтотулуп, кийин кайрадан жанданды.

Бул аварияга Бишкекти электр менен камсыздаган негизги линиялардын бири болгон 110 кВ "Парковая" – "Ала-Арча" линиясынын аба чубалгысын курулуш объектинде иштеп жаткан жүк ташуучу унаа үзүп кеткени себеп болгонун Энергетика министрлиги Facebook баракчасына жазды.

Энергетиктердин айтымында, жогорку чыңалуудагы линия жапырт өчкөн учурда атайын коргоо механизмдери энерготутумду чоң кырсыктардан алдын алуу үчүн авариядан улам ашыкча күч келген туташкан линияларга да автоматикалык түрдө чектөөлөрдү киргизип же толугу менен өчүрүшү мүмкүн.

Мамлекеттик орган курулуш объектисинин өкүлдөрүнө бир апта мурун электр тармактарынын корук зонасында коопсуздук талаптарын сактоо тууралуу расмий эскертүү берилгенин билдирди. Ошондой эле министрлик мыйзамдарга баш ийбеген ишкана энерготармакка келтирилген материалдык чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү болгонун жана бул факт боюнча чара көрүлөрүн да кошумчалады.

Министрлик жарыялаган видеодо окуя Бишкектин түштүк четинде курулуп жаткан "Бишкек Арена" стадионунун жанында болгонун көрүүгө болот.