Сүйлөшүүлөр аяктадыбы? Израиль "Хезболлага" каршы аскердик кампаниясын күчөтөт

Израильские войска на границе с Ливаном

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-би-си Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 1 мүнөт

Израиль Ливанда "Хезболлага" каршы соккуларын күчөтөрүн премьер-министр Биньямин Нетаньяху билдирди. Израилдин маалымат каражаттары билдиргендей, Израилге тийиштүү аскердик объектилерди дрондор менен аткылоону улатып жаткандыктан Нетаньяху "басымды күчөтүүгө" буйрук кылып, радикалдуу шийит тобуна карата аскердик кампанияны кеңейтүүгө көрсөтмө берди.

Израиль ,16-апрелде ливан өкмөтү менен тынчтык келишимине келгенден бери, мындай аткылоордон улам 24 киши каза тапканын айтып жатат. Бир аскер кечээ жакында эле каза тапты.

Ошол эле убакта, ливан тараптагы билдирүүлөргө ылайык, ошол эле убакыт ичинде мында 400гө жакын киши каза тапты.

ЦАХАЛ "Хезболланын" Ливандын чыгышындагы Бекаа өрөөнүндөгү объектилерин бутага алмакчы.

Нетаньяхунун бул билдирүүсү Дохага АКШ менен сүйлөшүүгө келген ирандык өкүлдөрдүн сапарына туш келди, бул сүйлөшүү үч айдан бери уланып келе жаткан Ирандын тегерегиндеги конфликтке чекит коюшу мүмкүн делип аткан.

Бирок Вашингтон дагы, Тегеран дагы сүйлөшүүлөрдө тезинен жылыш болорун күтүүнүн кажети жок экенин каңкуулашкан.

Нетаньяху барган сайын өз өкмөтүнүн ультра оңчул канаты тарабынан басымга кабылып жатат, алар Ливан багытында ал Вашингтонго кылчактабай өз алдынча кыймылдашын талап кылып келет.

"Биздин аскерлерди өлтүрүп жаткан дрондор биздин тагдырга жазылган нерсе эмес. Ар бир мындай дрон үчүн Бейрутта он имарат кулашы керек",- деди Израилдин Финансы боюнча министри Бецалель Смотрич.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Дагы башка ультра оңчул саясатчы, Ички коопсуздук боюнча Израилдин министри Итамар Бен-Гвир Израиль дрондордун чабуулуна "көнө бериши" керектигин айтты.

"Премьер-министр Дональд Трамптын үстөлүн муштап ага Ливандагы согушка биз кайтып жатканыбызды айтышы керек", - деди Бен-Гвир.

Жекшемби күнү АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү жанданат деген сөздөрдүн тушунда Нетаньяху Дональд Трамп менен телефондук сүйлөшүүдө тараптар төмөнкүгө макулдашканын айтты: Израил кандай гана коркунуч болбосун, анын ичинде Ливандан дагы, аларга каршы аракеттенүү укугун сактап калат.

Дүйшөмбү күнү Израилдин премьер-министри Телеграмга жарыяланган видео кайрылуусунда бул позициясын дагы ырастады.

"Биз "Хезболла" менен согуш абалындабыз жана биз соккуларыбызды күчтөй беребиз, - деди ал. - Армия жүрүшүн токтотпойт. Тескерисинче - мен алар дагы күчтөнүшүн буйрук кылдым".

"Хезболла" дагы, ливан бийлиги дагы мындай билдирүүлөргө жооп кыла элек.

Нетаньяхунун видео кайрылуусунан кийин Бейруттун түштүк райондорунда тургундар үйлөрүн таштай шаардан чыгып кетип жатышат. Алар Израил тараптан боло турчу масштабдуу бомбалоолор жанданат деп чочулап жатышат. Бул туурауу ливандагы коопсуздук багытындагы булактар кабарлашты.