"Өч 2" көркөм тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынып, Киноборбордун жетекчиси кызматынан бошотулду

па

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстанда "Өч 2" көркөм тасмасын өлкө аймагындагы кинотеатрлардан көрсөтүү токтотулду. Мындай чечимди 2026-жылдын 13-апрелинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин эксперттик комиссиясы кабыл алды.

Эксперттик комиссия тасманын мазмунун иликтеп чыгып, анда зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик ченемдерге каршы келген көрүнүштөр басымдуулук кылат деген корутундуга келди. Адистердин пикиринде, тасмада тарбиялык маани, зомбулукту айыптоо же позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу элементтери жетишсиз.

"Аталган тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, айрыкча жаштар аудиториясына терс психологиялык жана моралдык таасир тийгизүү коркунучу бар экени аныкталды", - деп айтылат комиссиянын чечиминде.

Ага ылайык, "Кыргызтасмасы" киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Тулекеев ээлеген кызматынан бошотулуп, "Өч 2" тасмасын көрсөтүүгө толугу менен тыюу салынды.

Бардык кинотеатрлар жана кино көрсөтүү менен алектенген уюмдар тасманы токтоосуз түрдө жүгүртүүдөн алып салууга милдеттендирилди.

"Өч-2: Карындаш" деп аталган тасма Кыргызстанда 2-апрелден тарта көрсөтүлө баштаган. Аны режиссёрлор Илгиз Куватбек, Шамилбек Бекболсун уулу тарткан.

Окуя 2000-жылдардын башындагы Кыргызстандын айылдарындагы окуяларды, бийлик, акча , адилетсиздик жана тааныш-билиш мамилелерин чагылдырат. Тасманын көрсөтүүгө тыюу салынышы боюнча режиссерлер пикирин билдире элек.