"Беш жылдык мээнетимди ким кайтарып берет?" 800дөй студент дипломсуз калуу коркунучунда

Жүздөгөн студент келишим боюнча окуу акысын төлөп, төрт-беш жыл окугандан кийин дипломсуз калуу коркунучуна туш болгонун айтып, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жетекчилигине нааразы болушууда. Алар окууга кабыл алуу мыйзамдуу жүргүзүлгөнүнө ишенишкенин, эми болсо окуудан четтетилип жатканын айтышууда. Ал эми университет бул маселе укук коргоо органдарынын иликтөөсүнө байланыштуу экенин билдирүүдө.
Студенттердин ата-энелери университеттин имаратынын алдына чогулуп, жетекчиликтин чечимине каршы чыгышты. Алардын айтымында, балдары төрт-беш жыл бою жылына 35-40 миң сомдон келишим боюнча окуу акысын төлөп келишкен.
Ата-энелер: "Беш жыл контракт төккөнбүз"
Нааразы болгон ата-энелердин бири Сагын Насыранбекованын айтымында, 2021-жылы жалпы республикалык тесттен жетиштүү упай албаган же такыр тапшырбаган абитуриенттерге Орусиядагы университеттердин бирине тапшыруу, кийин Кыргызстандагы окуу жайга которулуп окууну улантуу сунушталган.

Анын айтымында, ата-энелер дал ушул сунуштун негизинде балдарын окутууга макул болушкан.
"Бизге Орусияга бир жыл онлайн окуп келсеңер, андан кийин бул жакта окууну улантасыңар, ЖРТ талап кылынбайт дешкен. Ошолордун сөзүн угуп, биз да тапшырганбыз. Ошол убактагы комиссияда кимдер болгон, ким документтерди кабыл алышкан? Эгер документ туура эмес болсо, эмнеге ошол кезде кабыл алышкан? Балдарыбыз көчөдө эмес, ушул университетте окуп келишти", - деди студенттердин биринин апасы Сагын Насыранбекова.
Студенттер бийликке кайрылууда
Студенттердин айтымында, азыр алардын Орусиядагы бир жылдык окуусун тастыктаган документтер жараксыз деп табылып, ушул себептен дипломдук ишин жактоого уруксат берилбей, окуудан четтетилип жатышат.
Студент Нурсултан Ыдырысбек уулу университет жетекчилиги аларды өз каалоосу менен окуудан чыгууга үндөгөнүн айтты.

"Өзүңөрдүн макулдугунар менен кеткиле дешкен башында. Эмнеге кетишибиз керек десек, документтериңер туура эмес дешет. Академиялык маалымкатты биз көчөдөн алып келгендей мамиле кылып жатышат", - деди ал.
Дагы бир студент Адилет Алиаскаров беш жылдык убактысын текке кетип жатканын айтып, жоопкерчилик кимге жүктөлөт деп суроо коюуда.

"Мисалы, мен азыр бешинчи курсту бүттүм да. Менин беш жылдык өмүрүмдү, беш жылдык мээнетимди ким кайтарып берет? Биздин, студенттердин укукту ким коргойт? Булар өзүлөрүнүн күнөөсүн сезбей эле, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Тоо-кен институтуна, Тоо-кен институту болсо Кыргыз мамлекеттик техникалык университетке шылтап жатат. Эки тарапта тең күнөө бар. Бизди кабыл алган Тоо-Кендин күнөөсү. Ал эми Тоо-кен институту Кыргыз мамлекеттик техникалык университине кошулганда, алар эмнеге текшерип алган жок", - деди Адилет Алиаскаров.
Арыздангандардын айтымында, бул жагдайга жалпысынан 800дөн ашуун студент кабылган. Алар мамлекеттен маселеге кийлигишип, укуктарын коргоону өтүнүшүүдө.
Университет эмне дейт?
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев бул маселе учурда УКМК тарабынан иликтенип жатканын билдирди.

Анын айтымында, негизги көйгөй - студенттердин Орусиядагы университетте билим алгандыгы расмий түрдө тастыкталбай жатканы.
"Орусиядагы университет окуган фактыны тастыктабай жатат. Мындан тышкары, алар мындай формадагы аралыктан окутуу жүргүзүлгөн эмес деп билдиришүүдө", - деди ректор.
Чыныбаев билдиргендей, университет кабыл алуу учурунда документтерди өз алдынча текшерүүгө милдеттүү эмес болгон. Документтерин көрсөткөндөн кийин кабыл алышканын кошумчалады.
Анын айтымында, текшерүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) маалымат түшкөндөн кийин жүргүзүлгөн.
"Бул жерде УКМК тарабынан маалымат түшкөн. Студенттер тергөө жүрүп жатканда, Орусияга барган эмеспиз, баланча кишиге баланча каражат берип бүтүргөнбүз деп көрсөтмө беришкен. Ошондон кийин бизге бардык документтерди текшерип, Орусияга суроо-талап жөнөтүү тапшырмасы берилген", - деди ал.
Юрист: Студенттер гана жоопкерчилик тартпашы керек
Студенттердин кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Адилет Мерканов мамлекеттик окуу жай кызмат көрсөтүү үчүн акча алып жаткан соң анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү документ берүүгө милдеттүү деп эсептейт.

Анын пикиринде, эгер кабыл алуу процессинде мыйзам бузуу же коррупциялык схема болгон болсо, жоопкерчилик студенттерге гана жүктөлбөшү керек:
"Эгер мамлекет кызмат көрсөтүп, беш жыл акча алып келген болсо, аягында дипломдук ишке киргизбей коюу мыйзамдык жактан да, адамгерчилик жагынан да суроолорду жаратат. Эгер коррупциялык схема болгон болсо, аны уюштургандар боюнча да толук иликтөө жүргүзүлүшү керек".
Учурда бул иш боюнча УКМКнын тергөө амалдары уланууда.
2022-жылы президенттин жарлыгы менен мурдагы Кыргыз мамлекеттик Тоо-кен университети Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин курамына кошулган. Бүгүнкү күндө бул окуу жайда өлкөнүн бардык аймактарынан келген миңдеген студент билим алат.
































