Саясатчы Равшан Жээнбеков президенттик шайлоо тууралуу үн катты

Сүрөттүн булагы, Facebook
Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков алдыда өтө турган президенттик шайлоо тууралуу үн катып, шайлоо учурундагы саясий атаандаштык маселесин көтөрдү. Ал бул тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
"Чыныгы атаандаштуу президенттик шайлоо эркин жана укуктуу өлкө курабыз деген улут үчүн эң негизги фундаменталдуу талаптардын бири. Себеби бийликтин шайлоо аркылуу тынч алмашуусу, саясий атаандаштыкты татыктуулардын ичинен татыктуунун утушу өлкөгө саясий стабилдуулук жана шайлоо мамлекеттик институттарга элдин ишенимин алып келет",- деди ал.
Саясатчы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бийликтин ордо же көчө төңкөрүштөрү аркылуу гана алмашып келгенин белгиледи.
"Биринчи президент А. Акаев Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын ичиндеги ордо төңкөрүшүнүн жыйынтыгында бийликке келди. К. Бакиев, 2005-жылы үй-бүлөлүк башкарууга, социалдык кыйынчылыктарга жана шайлоого каршы чыккан көчө төңкөрүшүнөн кийин президент болду. 2010-жылы К.Бакиевдин үй-бүлөлүк-коррупциялык башкаруусуна нааразы эл бийликке Р.Отунбаева менен А.Атамбаевди алып келди. Досу А.Атамбаевдин колдоосу аркылуу президент болгон С.Жээнбековту коррупциялык башкарууга жана ыплас шайлоого каршы болгон көчө төнкөрүшү бийликтен алып, ордуна С.Жапаров келди. 35 жылдык тарыхыбызда чыныгы атаандаштуу президенттик шайлоо даярлык жокко эсе экен",- деди саясатчы.
Жээнбеков Кыргызстандагы саясий жана жарандык эркиндиктердин абалына да токтолду. Анын пикиринде, 2020-жылга чейин өлкө жарым-жартылай эркин мамлекеттердин катарында болсо, акыркы беш жылда эркин эмес өлкөлөрдүн тизмесине кирген.
Ал сөз эркиндиги, жыйын өткөрүү жана бийликти сындоо мүмкүнчүлүктөрү чектелип жатканын айтып, оппозициялык саясатчылар, журналисттер жана жарандык активисттер куугунтукка кабылып жатканын билдирди.
""Бийликти басып алуу", "Башаламандык уюштуруу", "Улуттар, регионалдык кастыкты козутуу" беренелери боюнча жасалма кылмыш иши ачылып, соттолбогон бир дагы эгемендүү саясатчы, журналист жана жарандык активист калган жок. Баса, 2021- жылы өткөн президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин дээрлик көпчүлүгү соттолду, же камакта отурушат. Мен жана И. Ташов камактабыз А. Мадумаров, К. Соронкулова, А. Асанов, А. Сегизбаев, К. Исаев, Б. Калмаматов, камалып чыгышты, Арстан Алай түрмөдө көз жумду. Бийликти сындаган саясатчылардын, журналисттердин жана активисттердин өздөрүнүн жана камап чектелбестен азыркы режим алардын үй-бүлөлөрүн, бала-чакасын, бир туугандарын жана жакын делген адамдарын кошо куугунтуктоо тарыхыбыздагы жаңы ачылыштардын бири болду. Ушундай катаал шарттар жана фактылар менен атаандаштуу шайлоо, саясий атаандаштык жаратуу мүмкүнбү?",- деген Жээнбеков.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү керек. Бул маселе парламенттин кароосуна сентябрь айында киргизилет.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Буга чейин президент Садыр Жапаров MediaHub платформасына берген маегинде 2027-жылдагы президенттик шайлоого катыша турганын билдирген. Ал атаандаштары үчүн жол ачык болорун, шайлоо таптаза өтөрүн убада кылган.
"Орусча айтканда, флаг в руки. Эч кимге биз чектебейбиз. Бут тоскула дебейбиз. Шайлоо таптаза өтөт. Шайлоонун укугун элге бердик. Мурда берилчү эмес. Азыр андай жок. Таза шайлоо системасына ишенесизби? Аманчылык болсо көрөсүңөр. Эч кимге бут тоспойбуз. Эч кимге чектебейбиз. Мурдагыдай болуп мугалимдерди, докторлорду колдонуу, агитаторлорду "иштегиле" деген болбойт. Аны убагында иш менен далилдейбиз. Азыр сөз менен мактанбай туралы",- деген президент.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2021-жылы октябрь окуяларынан кийин бийликке келген. Ошол эле жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, Кыргызстандын президенти болуп шайланган.
Равшан Жээнбеков 2025-жылы 3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабанан 7 жыл 8 айга соттолгон. Аны менен кошо "Кой-Таш" иши боюнча 20дай адамга өкүм чыккан.




























