"Дүрбөлөңгө түшүү эң жаман". Кыргызстандагы мээ кайнаткан ысык
"Дүрбөлөңгө түшүү эң жаман". Кыргызстандагы мээ кайнаткан ысык
Published
Мээ кайнаткан ысык эми Кыргызстанга да жетти— келерки күндөрү Бишкек, Ош, Манаста абанын температурасы 40 градустан жогору ысышы күтүлүүдө.
Ысык өтүшүнүн белгилерин да эстен чыгарбай жүрүңүз.
Эгерде башыңыз катуу ооруп, жүрөгүңүз айланып, тез-тез согуп, териңиз кургап, денеңиз ысып кетсе, анда сизге күн өтүп калган болушу мүмкүн. Дароо эле көлөкө жерге барып, моюнуңуз жана чекеңизге муздак нымдуу сүлгү басып, суу ичип алыңыз жана ооруканага кайрылыңыз.
Өзүңүздү абайлаңыз, кара түстөгү синтетика кийимдерди кийбеңиз жана көбүрөөк суу ичиңиз.



