Миланда кышкы Олимп оюндары башталды. Ачылыш аземден сүрөттөр

Дебора Компаньони жана Альберто Томба
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

6-февралда Италиянын Милан шаарында XXV кышкы Олимп оюндарынын расмий ачылышы өттү. Негизги салтанат Миландын "Сан-Сиро" стадионунда болду, айрым иш-чаралар Кортина, Ливиньо жана Предаццо шаарларында уюштурулду.

Би-Би-Си салтанаттагы эң мыкты сүрөттөрдү чогултту.

Milano Cortina 2026
Италиялык балериналар

Ачылыш аземи Ла Скала театрынын 70 бийчисинин өнөрү менен башталды. Алар салтанат учурунда "тирилип кеткен" айкелдердин ролун көрсөтүштү.

Ла Скала

Андан кийин сахнада италиялык композиторлор Жузеппе Вердинин, Жакомо Пуччининин жана Жоакино Россининин айкелдери көрсөтүлдү.

артист

Бул дагы абдан кооз... сахнага төгүлгөн боёк.

Олимпиада 2026

Андан соң америкалык ырчы Марайя Кэрри сахнага чыкты. Ал "Грэмми" сыйлыгын эки жолу жеңип алган Volare классикалык италиялык ырын аткарды.

Мэрайя Кэри

Өткөн жылдын сентябрь айында 91 жашында каза болгон италиялык белгилүү дизайнер Жоржио Арманиге арналган шоу да көрсөтүлдү.

Модел

Моделдер Италия желегинин түсүн чагылдырган кийим менен басып өтүштү, ал эми желектин өзү стадиондун үстүнө мамлекеттик гимндин коштоосунда көтөрүлдү.

Модел

Салтанатта акробаттар дагы укмуштуудай шоу көрсөтүштү.

акробат

Андан кийин Олимпиадага катышкан бардык өлкөнүн спорт делегацияларынын салттуу парады өттү.

Кытайлык спортчулар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайлык спортчулар

Фигурист Лайла Фир британ желегин көтөрүп чыкты.

Лайла Фир

Израилден аз эле спортчу катышып жатат.

Израил команда

Би-Би-Си кабарчысы Эмма Смиттин айтымында, көрүүчүлөр Даниянын командасын кол чабуулар менен тосуп алды.

Дания

Бирок украин командасын колдоп кол чапкандар, сүрөөнгө алгандар көп болду. Орусия Украинанын жарандык инфраструктураларына сокку уруп, көптөгөн райондун эли катуу суукта кыйналып жатат.

украиндер

АКШ командасы парадга акыркылардан болуп чыкты. Спортчуларды кол чаап тосуп алышты. Чоң экранда АКШ вице-президенти Жей Ди Вэнс пайда болгондо көрүүчүлөр ышкырып, тез эле ызы-чуу болуп кетти. Ал стадиондо жубайы менен бирге отурду.

америка

"Олимпиада оюндарынын руху көп нерсени билдирет. Бул биз жана бизди адам кылган нерсе. Олимпиада оюндарынын сыйкыры ушунда: баарыбызды эң мыкты болууга шыктандырат", - деди Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Кирсти Ковентри.

Анын сөзүнөн кийин опера ырчысы Андреа Бочелли Nessun Dorma чыгармасын аткарып, Олимп оту стадиондон Миландын борборуна орнотулган Олимпиадалык казанды көздөй жөнөп кетти.