Дүйнө калкынын тең жарымын башкарган лидерлер Бишкекте

Published

Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны башталды. ШКУ жыйынына он эки өлкөнүн лидери катышууда. ШКУнун курамындагы мамлекеттердин башчыларынын саммити 13-14-июнь күндөрү өтөт. Бишкектеги жыйында Кыргызстан уюмга төрагалык кылуу милдетин Орусияга өткөрүп берет.

Бир күн мурун Бишкекке Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга келди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир күн мурун Бишкекке Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга келди
Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко
“Манас” эл аралык аэропортунан Казакстандын жаңы шайланган лидерин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Манас” эл аралык аэропортунан Казакстандын жаңы шайланган лидерин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев
Ооганстан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Ганини вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооганстан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Ганини вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды
Кытайдын лидери Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды. Си Цзиньпин менен президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жолукту
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын лидери Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды. Си Цзиньпин менен президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жолукту
ШКУ жыйынына катышуу үчүн Индиянын премьер-министри Нарендра Моди дагы Бишкекке учуп келди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ШКУ жыйынына катышуу үчүн Индиянын премьер-министри Нарендра Моди дагы Бишкекке учуп келди
Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Хан
Эл аралык «Манас» аэропортунан Владимир Путинди президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп чыкты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эл аралык «Манас» аэропортунан Владимир Путинди президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп чыкты