BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
"Биринчи жолу сизден бир нерсе сурагым келет". Султанбеков туулган күнүн утурлай Садыр Жапаровго кайрылды
Саясатчы, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков туулган күнүн утурлай президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал кайрылуусун Facebook баракчасына жарыялады.
Малик Бектурганов "75чилердин" иши тууралуу: 9 жылды кылмыштын беренелерине жараша сурап жатабыз
Жогорку Кеңеш 9-сентябрда Малик Бектургановдун талапкерлигин Башкы прокурорлук кызматка жактырды. Аны 88 депутаттын 87си колдоп добуш беришти. Андан кийин Бектурганов башкы прокурор болуп дайындалды. Ал 30-июндан бери бул кызматта милдетин убактылуу аткаруучу болуп иштеп жаткан. Бектурганов 9-сентябрда парламентте талапкерлиги каралар алдында Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.
"Баштарынан сылабайбыз". Президент Садыр Жапаров кимдер тууралуу айтты?
9-сентябрдагы Жогорку Кеңеште кызматка жаңы дайындалган жана мурдарак бекитилген министрлер ант берди. Ага президент Садыр Жапаров да катышып, парламентте сөз сүйлөдү. Анда ал өлкөдөгү жетишкендиктерге токтолду. Ошону менен бирге президент элди бөлүп-жаргысы келгендер бар экенин айтты.
Түркияда ФЕТО уюмуна байланышы бар деп кармалган кыргызстандык бошотулду
Түркияда диний аалым Фетхулла Гүлендин уюмуна (ФЕТО кыймылы) байланышы бар деп кармалган кыргызстандык Эрмек Сабыржанов 9-сентябрда сот залынан бошотулду. Бул тууралуу анын жубайы Аделина Касымова Би-Би-Сиге билдирди.
Путин менен Трамп сүйлөштү: Украинадагы согуш жана соңку чабуулдар
Владимир Путин 4-июлдан бери биринчи жолу Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттер 5–6-сентябрда Стив Уиткофф менен Жаред Кушнердин Москвага жана Киевге жасаган сапарларынын жыйынтыгын талкуулашты. Бул тууралуу Кремль билдирди.
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
PISA-2025: Кыргызстан 91 өлкөдөн 80-орунда. Бул эмнени билдирет?
Кыргызстан PISA – 2025 эл аралык сынагында 91 өлкөнүн ичинен 80 – орунду ээлеп, 11 позицияга алдыга жылды. Бул тууралуу 8-сентябрда Братиславада өткөн аймактык конференцияда белгилүү болду. Ага катышкан агартуу министри Догдургүл Кендирбаева Кыргызстандын бул жылкы көрсөткүчтөрүн 16 жылдык тыныгуудан кийинки чоң ийгилик деп баалады. Адистер бул жыйынтыктан кийин өлкөнүн билим берүү тармагында маанилүү чечимдер кабыл алынышы керек деп эсептешет.
Президент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кесиптик жетишкендиктери үчүн бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды. Тиешелүү жарлык Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата кабыл алынган.
"Бишкек-Арена" 386 млн долларга курулду". Бийлик стадионго сарпталган каражаттын суммасын айтты
Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы Аскат Алагөзов 51 миң көрүүчү бата турган "Бишкек-Арена" стадионунун курулушуна 386 млн. доллар каражат жумшалганын расмий билдирди. Ал буга чейин стадион 60 млн. долларга курулганы тууралуу айтылган маалымат туура эмес экенин белгиледи.
Жаңы министрлер ант берди, Аяз Баетов БУУга кетти
Жогорку Кеңеш 9-сентябрдагы жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, юстиция министри жана башкы прокурор кызматтарына сунушталган талапкерлерди жактырды. Ошондой эле парламентте кызматка жаңы дайындалган жана мурдарак бекитилген министрлер ант берди.
"Кол койбосоң, өлөсүң". Кыргызстандык жаран эки жылдан бери согуштан кайта албай жатканын айтууда
Кыргызстандык жаран 2024-жылы Москвада кармалгандан кийин кыйноого кабылганын жана мажбурлоо менен Орусиянын армиясына келишим түзүп, Украинадагы согушка жөнөтүлгөнүн айтты. Анын билдиришинче, келишиминин мөөнөтү бүткөнүнө карабай, ал согуштан кете албай жатат.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.








































