"Түндүктөгү" маалыматтар кантип ачыкка чыгып кетти? Орунбековдун посту талкууда
"Түндүктөгү" маалыматтар кантип ачыкка чыгып кетти? Орунбековдун посту талкууда
Published
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун саясатчылардын, активисттердин, укук коргоочулардын жана журналисттердин тизмесин жана маалыматтарын жарыялап жазган билдирүүсү талкуу жаратты. Орунбековду сындагандар ал "Түндүк" порталындагы жашыруун сакталат делген сүрөт-маалыматтарды колдонгон деп күнөөлөп жатышат. Орунбековдун эскертүүсү жерди чет элдик инвесторлорго убактылуу берүү маселеси боюнча социалдык тармактардагы талкуулар күчөгөн кезде айтылган. Орунбеков жеке маалыматтарды жарыялады деген дооматтарга үн ката элек.



