Израил Түркия менен Азербайжандын мамилесин солгундаттыбы?

aliyev and erdogan hugging
    • Author, Магеррам Зейналов
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 6 мүнөт

"Эки өлкө – бир эл". Түркияны аскердик жана саясий союздаш катары баалап, Азербайжан мына ушул ураан менен 90-жылдардан бери жашап келаткан. Президент Илхам Алиев Карабактагы согушта көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга бир нече жолу ыраазычылыгын билдирген, ал эми Бакуда түрк желектери желбиреп турган. Бирок Израилдин Газадагы согушу Баку менен Анкаранын кызыкчылыктары канчалык айырмаланарын көрсөттү. Түркия Азербайжандын дагы бир союздашы болгон Израилге ачык каршы чыгып келет. Эми болсо Алиев эч кандай жардам болбогонун, ал эми Баку курал-жаракты акча төлөп, сатып алганын ырастоодо. Эмне үчүн мындай болду?

"Биз кимдир бирөөнүн жардамына жана кандайдыр бир колдоосуна муктаж эмеспиз. Бизге жардам керек болуп турган учурда эч ким жардам берген эмес. Бизге бир миллион качкын келгенде, эч ким жардам колун сунган эмес. Биз баарын акча төлөп сатып алдык. Анын ичинде бардык курал-жарактарды да акчага сатып алдык, болгондо да бизге аларды дүйнөлүк баада сатышты".

Бул сөздөрдү Алиев 2-октябрда өзүнүн башкаруучу партиясы – "Йени Азербайжандын" мүчөлөрү менен жолугушууда айтты. Азербайжан тышкы жардамга же коргоого муктаж эмес деп айтып жатып, Алиев Түркияны түз атаган жок, бирок бул сөздөрдөн кийин эки өлкөдө көптөр кеп Түркия жөнүндө болушу мүмкүн деген ойдо калышты.

"Согуш жүрүп жатканда бизге чындыгында эле эч ким жардам берген эмес, ал эми Азербайжан Түркия менен союздаштык мамиледе жана эки өлкөнүн ортосунда эч кандай пикир келишпестиктер жок", - деди Би-Би-Сиге Азербайжан парламентинин депутаты Расим Мусабеков.

Ал арада Азербайжандын медиа каражаттары бир нече күндөн бери Түркияны түз атабастан, Азербайжан көз карандысыз өлкө экенин жана сырттан эч ким таасир эте албай турганын жазып, президенттин бул сөздөрүн цитата катары алып, талдап жатышат.

"Президент Илхам Алиев көңүлүбүздү идеологиялык коопсуздук темасына буруп, муну иш жүзүндө физикалык коопсуздукка теңеп койду. Президенттин сөзү тереңирээк ой жүгүртүүнү, чоо-жайына көңүл бурууну жана тыянак чыгарууну талап кылат", - деп жазды азербайжандык саясат таануучу Фархад Мамедов.

Баку шаары, 2020-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баку шаары, 2020-жыл

2020-жылы Карабактагы жеңиштен кийин Бакунун көчөлөрүнө Түркиянын желектери илинген. Алиев элдешүү тууралуу макулдашуу түзүлгөн күндүн эртеси эле Эрдоганга телефон чалып, Түркияга саясий колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген. Ушундан кийин деле Алиев көп жолу ыраазычылык сөздөрүн айтып келди, бирок аскердик колдоо темасына токтолгон эмес.

Согуштан кийин Алиев менен Эрдоган аскердик союз жөнүндө декларацияга кол коюшкан, бирок бул декларацияга чейин эле Азербайжан менен Түркия көп жылдардан бери аскердик машыгууларды биргелешип өткөрүп келишет жана машыгуулар азыр да уланууда, ал эми Азербайжан өз армиясын Түркияны үлгү катары алып модернизациялап жатат.

Армения менен 44 күнгө созулган согуш учурунда Азербайжан Түркиянын белгилүү Bayraktar учкучсуз учактарын колдонгон, алар өлкөгө аба мейкиндигинде артыкчылыктуу күч берген. Түркия "Байрактарды" белекке бергени айтылган эмес, бирок Алиев аларды сатып алганын да айткан эмес.

Согуштан кийин Азербайжанга кайтарылган аймактарда масштабдуу калыбына келтирүү иштери башталып, ага түрк компаниялары да катышты. Азербайжандык журналисттер аныктап чыккандай, алардын арасында Эрдогандын тууганынын компаниясы да болгон.

Сүрөттө: Нетаньяху сөз сүйлөп жатканда ондогон башка өлкөлөр сыяктуу эле Түркия да БУУнун жыйындар залынан чыгып кеткен.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нетаньяху сөз сүйлөп жатканда ондогон башка өлкөлөр сыяктуу эле Түркия да БУУнун жыйындар залынан чыгып кеткен.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Алиевдин "Азербайжанга эч ким жардам берген эмес" деген билдирүүсүн эске алганда, муну Түркиянын дарегине айтылган сөз деп божомолдосо болот", - деди Анкарадагы саясат таануучу Хасан Селим Өзертем. Ал Азербайжандагы иденттүүлүк көбүнчө Карабакты кайтаруу темасына жана муну азербайжандыктардын өздөрү жасаганына негизделгенин белгилейт.

Эркин журналист жана саясат таануучу Кирилл Кривошеев (Орусиянын бийлиги аны "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизген) буларды айтты: "Түркия биринчи кезекте интеллектуалдык жардам көрсөткөн. Менин түшүнүгүм боюнча, чалгын кызматынын маалыматтары менен бөлүшүп келген, көп жылдан берки машыгууларды өткөргөн, Азербайжандын армиясын тарбиялаган – мына ушундай жардам болгон. Иш жүзүндө эки армия тынымсыз машыгып, бири-бирине жан тартып турат".

Азербайжан ошол согушта Израилдин Harop учкучсуз учактарын да колдонгон. Баса, 2020-жылдын 10-ноябрында Орусия ортомчу болуп, Армения менен макулдашуу түзүлгөндөн кийин Бакунун көчөлөрүндө Израилдин желектери да илинип турган.

Союздаштардын мамилесин Израил буздубу?

Нетаньяху БУУнун жарым-жартылай бош залында Израилдин "Хезболлага" каршы операциясында колдонгон пейжерди көрсөттү. Бул пейжерлердин жардамы менен жардыруулар уюштурулганда карапайым тургундар да каза тапкан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нетаньяху БУУнун жарым-жартылай бош залында Израилдин "Хезболлага" каршы операциясында колдонгон пейжерди көрсөттү. Бул пейжерлердин жардамы менен жардыруулар уюштурулганда карапайым тургундар да каза тапкан

Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы мамиле Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынынан кийин бузулгандай. Ошол жыйында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху трибунага чыгып, "Хезболла" ислам тобунун согушкерлерине каршы Израил колдонгон жардыруучу пейжерлер жөнүндө айтып бере баштаганда бир нече өлкөнүн өкүлдөрү нааразычылык иретинде залдан чыгып кетишкен, ал эми БУУнун имаратынын алдында Нетаньяхуга каршы митингдер өткөн.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын жарым-жартылай бош залында отурган Азербайжандын өкүлү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун Башкы Ассамблеясынын жарым-жартылай бош залында отурган Азербайжандын өкүлү

Залда бош отургучтардын арасында калган Азербайжандын өкүлүнүн сүрөттөрү социалдык тармактарга бир заматта тараган. Жыйындан Түркиянын өкүлү чыгып кетип, ал эми Азербайжандын өкүлү кала бергени түрк медиасына жаккан жок, алар "Азербайжан союздаштай мамиле жасаган жок" деп жазып чыгышты.

Азербайжандын Түркия менен да, Израил менен да мамилеси жакшы. Азербайжан эки өлкөгө тең мунай сатат, алардан курал-жарак сатып алып турат.

Бирок Азербайжандын Иран менен мамилеси көп жакшы эмес. Ирандын аскер жетекчилиги Азербайжанды Израилге аскердик маалыматтарды берген деп айыптаган, бирок Баку бул айыптарды четке каккан. Ал эми ушул жылдын март айында АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталганда Тегеран Азербайжандын аймагына дрондор менен сокку урган.

Бирок Газадагы согуш иш жүзүндө Азербайжанды тандоо жасоого түртүүдө: Түркия палестиналыктарды колдосо, Азербайжан бейтарап калууга аракет жасап жатат.

"Түркияда көпчүлүк, өзгөчө ислам чөйрөлөрү Баку менен Израилдин ортосундагы тыгыз мамилелерге нааразы болуп жатканы белгилүү. Бирок, биринчиден, бул үчүн Анкара Азербайжан менен тирешкиси келбейт, - деп эсептейт чыгыш таануучу, NEST Centre'нин эксперти Руслан Сулейманов. – Экинчиден, Түркия өзү деле эки жактуу позицияны карманат: Анкара Израилдин жетекчилигин кескин сындап, ошол эле учурда аны менен экономикалык мамилелерди улантууда".

Бийликтин ар кыл башаты

Сентябрдын этегинде БУУнун имаратында Эрдоган билим берүү мекемелеринде хижаб кийүүгө тыюу салынышын айыптаган. Ал түз Азербайжанды атабаганы менен, бир күн мурун Азербайжандын Министрлер кабинети дал ушундай тыюуну киргизишкен.

"Түркиянын президентинин БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүн жана мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салууну баса белгилегенин Баку Азербайжандын ички саясатына кийлигишүү аракети катары кабыл алышы ыктымал", - дейт Өзертем.

"Эрдоган башында турган "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын бийликке келиши менен Түркияны исламды саясатта инструменталдаштырган, ислам символдорун жигердүү колдонгон өлкө деп атоого болот, – деди Сулейманов. – Азербайжанда 70 жылга созулган атеисттик пропагандадан кийин ислам фактору айрыкча саясатта дээрлик жокко чыгарылган. Ошондуктан Азербайжандын коому кандайдыр бир деңгээлде Түркияга караганда көбүрөөк светтик деп айтууга болот".

Беньямин Нетаньяху 1997-жылы Азербайжандын ошол кездеги президенти жана азыркы президент Илхам Алиевдин атасы Гейдар Алиевдин Бакудагы үйүндө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беньямин Нетаньяху 1997-жылы Азербайжандын ошол кездеги президенти жана азыркы президент Илхам Алиевдин атасы Гейдар Алиевдин Бакудагы үйүндө

Ушул ишембиде Азербайжанда мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салынганына каршы Түркияда нааразычылык акциялары өттү. Плакаттардагы жазууларга караганда, акциянын катышуучулары "мындай тыюу салуудан кийин Азербайжан менен Түркия доспу?" деген суроону узатышты.

Түркиянын өзүндө мындай тыюуну 1997-жылы буга чейинки бийлик киргизген. Ал эми Эрдоган бийликке динчилдердин укугу үчүн күрөштүн толкунунда келип, ошондон бери ислам темасын көп колдонот.

Азербайжанда болсо кырдаал башкача. Эрдогандан айырмаланып Алиев коомдук саясатчы, диний көз карашы бар диссидент болгон эмес.

Көп жагынан ал динге каршы өлкөдө – СССРде жогорку партиялык кызматтарды ээлеген атасы Гейдар Алиевден калган саясий мурасты пайдаланып келет.

Азербайжандын Ислам партиясына 1990-жылдары эле тыюу салынган. Байкоочулар белгилегендей, Илхам Алиев колуна бийликтин тизгинин алгандан бери саясий исламга каршы ырааттуу күрөшүп келатат. Өлкөдөгү саясий туткундардын басымдуу бөлүгүн мурунку жылдардагыдай эле ар кандай диний жамааттардын жана уюмдардын өкүлдөрү түзөт.

Карама-каршылыктар эмнеге алып келиши мүмкүн?

Ошентсе да, эксперттер Түркия менен Азербайжанды өтө көп жагдайлар бириктирип турарын, ошол себептен алар бири биринен жүз бурбастыгын айтышат.

"Биз айтып жаткан келишпестик көбүрөөк "маалыматтык чуу" деген серияга таандык, - деп эсептейт Сулейманов. – Бул чуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин же президенттеринин кезектеги жолугушуусуна чейин гана уланат. Ал эми бул жолугушуулар туруктуу негизде өтүп турат".

"Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин деңгээлин эске алганда, азыркыдай кырдаал көпкө созулбайт деп ойлойм. Бирок бул – эки тараптуу мамилелердин бекемдигин сынаган кырдаал жана мындай нерсе келечекте кайталанбайт деп айтыш кыйын. Кавказдагы абалды жөнгө салуу процесси уланган сайын мамилелер ушинтип өйдө-төмөн боло берерине күбө болобуз. Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал да саясий чөйрөгө кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизет", - деди Өзертем.

"Азербайжан менен Түркиянын байланышы ушунчалык күчтүү болгондуктан, бир майда жаңжал аны буза албайт", - деди Кривошеев. Ал Израил менен Түркия Сириядагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү Азербайжандын аймагында жүргүзгөнүн, ошол маалда Азербайжандын бейтарап позициясына карата тараптарда эч кандай суроо жаралбаганын эске салды.

Бирок, эксперт кийинки жылдары эгерде өлкөлөрдүн бири саясий исламга карата мамилесин өзгөртпөсө, анда идеологиялардагы айырмачылык чындап эле жаңжалга себепчи болушу мүмкүн деп болжолдойт.

"Бири-бирине жакын эки мамлекет ар кандай идеологияларды карманса, анда бул эң кооптуу көрүнүш. Түркия саясий ислам жолу менен баратат, ал эми Азербайжан – бул светтик автократия. Жылдар өтүп, бул айырмачылык чыныгы тирешүүгө алып келиши ыктымал", - деп эсептейт ал. (ZMa)