Кыргыз-өзбек алакасы: Мирзиёевдин мамлекеттик сапары

Сүрөттүн булагы, president.kg
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 30-июлда, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда президент Садыр Жапаров өзү тосуп алды. Расмий учурашуу аяктаган соң эки өлкө президенти бетме-бет жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Cапардын алкагында президенттер эки өлкө кызматаштыгын кеңейтүүгө багытталган документтерге кол коюшту.
Расмий Бишкек соңку жылдары кыргыз-өзбек кызматташтыгы бардык багыттар боюнча ийгиликтүү өнүгүп жатканын айтып келет.
Президент Жапаров Өзбекстан президентинин мамлекеттик сапары кыргыз-өзбек кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жаткан мезгилге туш келгенин айтты.
Ал Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана Шавкат Мирзиёевдин Борбор Азияда ынак коңшулук мамилелерди, өз ара ишенимди жана түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон салымын жогору баалады.
Мамлекет башчы биргелешкен саясий эрктин аркасында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо толугу менен аяктаганын белгиледи.
Ошондой эле мамлекеттик сапардын жүрүшүндө кол коюлуп жаткан документтер чек ара маселелерин биротоло жөнгө салып, өткөрүү пункттарынын санын көбөйтөрүн айтты.
Бул чек арага чектеш аймактардын жашоочулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, сооданын, транспорттук-логистикалык потенциалдын жана гуманитардык байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Жапаров бийликке келгенден бери Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен экинчи ирет келип отурат.
Алгач 2023-жылы келип, кайсы бир жылдары ок атышууга чейин жеткен тирешүүгө алып келген чек ара маселеси чечилген эле.
Жолугушууда мамлекет башчысы Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун курулушу сыяктуу биргелешкен стратегиялык долбоорлордун маанисин белгиледи.
Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев Өзбекстан Кыргызстан менен биргелешкен өнүгүү программаларын ар тараптуу колдоону улантарына ишендирди.
Тараптар товар жүгүртүүнү бир нече эсеге көбөйтүү боюнча макулдашканын айтып, эки миллиард долларлык көрсөткүч акыркы чек эмес экенин баса белгиледи.
Шавкат Мирзиёев стратегиялык долбоорлорго да өзгөчө көңүл буруп, "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун курулушун аймактагы геосаясий кырдаалды өзгөртө турган "кылымдын курулушу" деп атады. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун маанисине токтолду.
Экономикалык байланыш
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард АКШ долларынан ашып, 2024-жылга салыштырмалуу 19 пайызга өскөн.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай кооперациясын, транспорттук-логистикалык байланыштарды, айыл чарба, энергетика жана инвестиция тармактарындагы кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурууда.
Кыргыз өкмөтү 2030-жылга чейин эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылып келет.
































