"Тарыхый сапар". Кыргызстан менен Грузия эмнеге жакындашууда?

Сүрөттүн булагы, Official
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Бишкектеги расмий сапары жыйынтыкталды. Бул эки өлкө ортосунда дипломатиялык алака орногондон берки грузин өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары катары айтылды. Тараптар он жылдык тыныгуудан кийин соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин да кайра жандантты.
Ираклий Кобахидзенин 11-12-июндагы сапарында кыргыз-грузин өкмөтү жети кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Жолугушууда президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп бүткөндөн кийин Кыргызстан жөн гана транзит өлкө эмес, Азия менен Европаны байланыштырган маанилүү каттамдын бөлүгүнө айлана турганын билдирди.
"Бүгүнкү сүйлөшүүлөр ачык-айкын жана конструктивдуү маанайда өттү. Биз биринчи кезекте эки тараптуу күн тартибиндеги эң маанилүү маселелерди, саясий диалог, соода -экономикалык байланыштар, инвестициялык жана тармактык кызматташтык, ошондо эле маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү боюнча кеңири талкуу жүргүздүк", - деди Садыр Жапаров.
Кобахидзенин Бишкекке болгон сапарында 2027-2028-жылдарга карата Тышкы иштер министрликтеринин кызматташуусу тууралуу меморандумга кол коюлду. Ошондой эле юстиция, жарандык авиация, экология, спорт жана ветеринария жаатында кызматташуу меморандумдарына кол коюу жетишилди.
"Мен ишенем, бул сапар жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эки тараптуу мамилелерге салым кошот. Коллегаларыбыз менен кызыктуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк, эки тараптуу жана регионалдык кызматташтык боюнча. Ошондой эле бир каттар маселелерди талкуулап чыктык. Биз кол койгон меморандумдар мындан ары кызматыштык бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", - деди Грузиянын премьер-министри.
Кобахидзени Бишкекке грузин өкмөтүнүн экономика, айыл чарба жана тышкы иштер министрлери баштаган жоон топ делегация коштоп келди.
Бул сапардын алкагында Бишкекте он жылдык тыныгуудан кийин Кыргыз-грузин өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи отуруму өттү. Комиссияны Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков жана Грузиянын экономика министри Мариам Квривишвили жетектеди. Тараптар транспорт, логистика, инвестиция жана туризм тармагын өнүктүрүүнү сүйлөшүп, жыйынтыгында атайын өнөктөштүк протоколуна кол коюшту.

Сүрөттүн булагы, Official
Азыркы жана мурдагы Грузия
Мындан 10-15 жыл мурда Кыргызстандан расмий адамдар, парламент депутаттары, ишкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү Грузиядагы реформаларды үйрөнүү жана аларды Кыргызстанда да ишке ашыруу максатында Тбилисиге тез-тез барып турушкан. Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили да Бишкекке келип кеткен.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок соңку жылдары Кыргызстанда да, Грузияда да жагдай өзгөрдү.
"Биздин жарандык коом, бизнесмендер Грузиядагыдай реформа кылсак экен деп, көп жолу барып жүрүштү. Грузияда бийликтин иштеши, милициянын ачыктыгы, билим жагындагы реформалар боюнча азыр деле көп нерсени үйрөнсөк болот деген ойдомун. Бирок демократиялык өнүгүү сыяктуу жактардан Грузия алда канча артка кетип калбадыбы. Ошондуктан бул жагынан кандайдыр бир таалим-тарбия алуу кыйын го деп турам", - деди талдоочу Адил Турдукулов.
Грузияда 2012-жылдан бери өлкөнү миллиардер Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясы бакшарып келет. Оппозиция Грузиянын азыркы бийлигин "өлкөнү эл аралык изоляцияга түртүп жатканы жана Кремлге ыктаган саясаты үчүн" айыптайт. Батыш мамлекеттери да грузин бийлигин демократиялык багыттан тайды деп сындап келет.
"Акыркы 20 жылда постсоветтик мамлекеттердин ичинен эң алгылыктуу реформалар Грузияда жүргүзүлгөн. Саакашвилинин лидерлик сапаты менен радикалдуу полиция реформасы жасалды. Андан тышкары бийликтин ишинде ачык-айкындуулук камсыз кылынган. Билим берүү тармагынан да чоң секирик болгон. Батыштык заманбап системалар киргизилген. Европа мамлекеттери менен өнөктөштүк абдан тыгыз болгон. Мисалы, грузин жарандары Европага визасыз кирүү камсыздалган. Бул - чоң ишеним жана Грузиянын туура багытта бара жатканынын белгиси болгон. Бирок акыркы кезде регресс жүрдү. Грузиянын бийлиги демократиялык мамлекеттер менен эмес, авторитаризмге ыктаган мамлекеттер менен тыгыз мамиле түзүп жатканын көрүп жатабыз. Расмий түрдө Бишкек жана башка Борбор Азия мамлекеттери менен тыгыз байланышты ошол себептен деп көрүп жатам. Анткени Грузияны Батыштагы өнөктөштөрү сындап келет. Ошондуктан алар башка шериктештерди, өнөктөштөрдү издеп жатат. Бирок Грузия Кыргызстан үчүн сөзсүз түрдө өнөктөш мамлекет. Аны менен соода, туризм жаатында, инвестициялык жаатта мүмкүнчүлүктөрдү издеп, Грузияны биз үчүн Европага кирүү дарбазасы катары да кабылдасак болот. Ал эми Грузия үчүн биз Кытайга дарбаза боло алабыз. Кыргызстан алардын Борбор Азиядагы чыныгы, толуккандуу өнөктөшү боло алат деген ойдомун", - деди Адил Турдукулов.
Премьер-министр Иракли Кобахидзе грузин өкмөтүн 2024-жылдан бери жетектеп келет. Ал бийликке келгени Грузия транзиттик маршруттарды чыңдоо максатында Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты жандантканы айтылат. Мисалы, Грузиядан Бишкекке жеңил унаалар көп тышылып келет.
"Мурда жеңил унаа ташуу Литва, Латвия аркылуу болуп келген. Андан кийин ошол эле Польшанын, Беларустун чек арасында ар кандай кыйынчылыктар болду. Экинчи негизги маселе - логистикадагы баа. Экинчи колдонуудагы унааларды алып келүүдө баа маанилүү роль ойнойт. Ошол үчүн Грузиядан алып келүү бизге кыйла арзаныраак жана жеңил болгон үчүн жарандар ошол жакты тандап жатышат", - дейт талдоочу Улан Исаков.
Эки өлкөнүн дипломатиялык алакасы 1992-жылдын 10-июлунда түзүлгөн.
Грузия менен Кыргызстанды окшош тарыхый тагдыр да байланыштырып турат. Эки мамлекет тең постсоветтик мейкиндиктеги бийлик алмашууга алып келген түстүү ыңкылаптарды баштан кечиришкен. Тбилисидеги "Роза ыңкылабы" жана Бишкектеги бир нече саясий толкундоолор өлкөлөрдүн ички саясатын түп тамырынан өзгөрткөн. Бүгүнкү күндө Тбилиси да, Бишкек да Батыш менен Орусиянын ортосундагы геосаясий атаандаштыкта тең салмактуу жана прагматикалык тышкы саясат жүргүзүүгө аракет кылууда. Анткен менен эки мамлекет тең Кремль менен тыгыз кызматташтыкты жакташат.































