"2008-жылкы аскер каза болду". Июнга карата Орусиянын Украинадагы жоготуулары

Алишер Свирин

Сүрөттүн булагы, ВВС/Алишер Свириндин үй-бүлөсү

    • Author, Сергей Горяшко
    • Role, Би-Би-Си
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Би-Би-Си "Медиазона" жана ыктыярчылар тобу менен биргеликте Украинага каршы кеңири масштабдагы согушта каза болгон 226 055 орусиялык аскердин аты-жөнүн аныктады. Бул тизмеде 18 жаштагы жигиттердин саны эки жүздөн ашат.

2022-жылдын 21-февралында Орусия президенти Владимир Путин Украинанын мамлекеттүүлүгү тууралуу өзүнүн көз карашы тууралуу бир сааттык телекайрылуу жасаган күнү Алишер Свирин (макаланын башындагы сүрөттө) 14 жашка толгон.

Коомдук сайттардагы сүрөттөргө караганда, анын балалыгы Москванын жанындагы Коломна шаарында көпчүлүк орусиялык курдаштары сыяктуу эле өткөн.

Бир сүрөттө ал жаңы жылдык балатынын жанында момпосуй салынган кутуну кармап турат, дагы биринде өзүнө чоң келген атасынын спорттук күрмөсүн кийип алган.

Дагы бир сүрөттө Алишер советтик жоокердин формасын кийип, колуна Шпагиндин пистолет-пулемётун кармап түшкөн.

Орусияда 9-майда Жеңиш күнүнө карата көптөгөн бала ушунтип сүрөткө түшөт.

Согуш

2026-жылы тартылган сүрөттө 18 жаштагы Алишер Свирин аскердик камуфляж кийип, колуна Калашников автоматын кармап турат. Дал ушул сүрөттү аны акыркы сапарга узатуу зыйнатында көтөрүп жүрүштү.

Алишер келишимдик негизде аскер кызматына кирип, 2026-жылдын 1-майында Украинадагы согушта каза болгон. 28-май күнү аны Павловский Посад шаарындагы "Жаңы шаардык" көрүстөнүнүн Баатырлар аллеясында жерге беришкен.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Анын фронтко так качан жөнөтүлгөнү белгисиз. Бирок жашын эске алганда, аскер кызматына келгенине үч айдан ашпаган убакыт болгон.

Бул биздин тизмедеги 2008-жылы туулган алгачкы каза болгон орусиялык аскер. Жалпысынан Украинага каршы согуш башталгандан бери кеминде 200дөй 18 жаштагы орусиялык аскер каза болгон.

Москва облусундагы Павло-Посад райондук кеңешинин "Бирдиктүү Россия" партиясынын депутаты Роман Тикунов жарыялаган кыска некрологго ылайык, Алишер Свирин 123-өзүнчө гвардиялык мотоаткычтар бригадасында келишим боюнча пулеметчу болуп кызмат өтөгөн.

Анын VK баракчасында жыл башынан бери "Павлово-Посад округу баатыр менен коштошту" деген бир эле аталыштагы 40 некролог жарыяланган.

Москва облусу өлүмдөрдүн саны боюнча дайыма алдыңкы орунда турат. Бул аймактагы тургундардын арасында тастыкталган жоготуулар 6084 адамды түзөт. Башкыртстан чоң айырма менен биринчи орунда. Акыркы эки жуманын ичинде эле бул аймакта аскердик жоготуулар 10 000ден ашып түштү. Татарстан 8759 өлүм менен экинчи орунда турат.

Каза болгону ырасталган аскерлердин саны боюнча бул эки аймак Орусиянын бардык субъекттеринин арасында алдыңкы орундарды ээлейт. Мындай көрсөткүчкө жергиликтүү ыктыярчылар менен мындай маалыматтарды чогулткан коомдук уюмдардын активдүү ишмердүүлүгү да белгилүү бир деңгээлде таасир этүүдө.

Орусиянын жоготуулары

2026-жылдын 12-июнуна карата регион боюнча эң көп жоготуу Башкыртстанда катталган -10 428 адам.

Эгер жоготууларды ар бир региондогу эркектердин санына салыштырып эсептесек, анда Тыва, Бурятия жана Алтай Республикасы алдыңкы орундарга чыгат. Бул аймактардан согушка кетип, каза болгон аскерлердин саны москвалыктарга салыштырмалуу 20–30 эсе жогору бойдон калууда.

Согуштагы өлүмдүн жан башына көрсөткүчү

Өлүм көрсөткүчү (16 жаштан 61 жашка чейинки 10 000 эркекке карата). Акыркы эки жуманын ичинде биздин тизмеге 2500дөн ашык адам кошулду.

Акыркы бир айда биз тастыктаган өлүмдөрдүн көпчүлүгү 2024-жылдан бери согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турган жана кийинчерээк Орусия тарабынан каза болгон деп жарыяланган аскер кызматкерлери. Айрым учурларда алардын сөөгү табылган, башка учурларда туугандарынын же аскер бөлүктөрүнүн өтүнүчү менен сот тарабынан ушундай чечим чыгарылган.

Орусиянын Украинага каршы согуштагы жалпы жоготуулары

Учурда каза болгондордун жарымынан көбү (56%) ыктыярчылар, мобилизацияланган жарандар жана колонияларда жазасын өтөп жаткандар. Бул адамдар согуш башталган учурда армия менен эч кандай байланышы болгон эмес.

Бул категориядагы жоготуулардын жогору болушунун негизги себептеринин бири - келишимге кол койгон ыктыярчылардын көбү өтө кыска мөөнөттүү даярдыктан өтүшү. Орточо эсеп менен мындай даярдык бир нече жума гана созулат. Айрым учурларда адамдар келишимге кол койгондон бир нече күн өткөн соң эле фронтко жөнөтүлөт.

Чыныгы жоготуулар кандай?

Төрт жылдан ашык согуш учурунда фронтто курман болгондордун чыныгы саны ачык булактардан топтогон маалыматтардан жогору болушу мүмкүн. Аскердик адистердин баамында, көрүстөндөрдү, аскердик мемориалдарды жана некрологдорду талдоонун негизинде түзүлгөн биздин эсеп жалпы жоготуулардын 45–65 пайызын гана камтышы мүмкүн.

Ушул баалоолорго таянып, 2026-жылдын июнь айынын ортосуна карата орусиялык жарандардын арасындагы чыныгы жоготуулар 347 776дан 502 344 адамга чейин жетиши мүмкүн.

Эгер ДНР жана ЛНР түзүмдөрүнүн жоокерлери, ошондой эле Түндүк Кореянын аскерлери да кошулса, жалпы сан кыйла жогорулайт.

Быйыл май айында Би-Би-Синин Корей кызматы Түндүк Кореяда курулган жаңы согуш мемориалынын спутниктен тартылган сүрөттөрүн изилдеп чыгып, анда 2024–2025-жылдары Орусия тарабында согушуп каза болгон 2 304 кореялык аскердин ысымдары жазылганын аныктаган.

Ошентип, чогултулган маалыматтарга ылайык, орусиячыл күчтөрдүн жалпы жоготуулары 371 080ден 528 148ге чейин болушу мүмкүн.

Кантип эсептелет?

Орусияда күн сайын каза болгон адамдардын аты-жөнү жана акыркы сапарга узатуудагы сүрөттөр жарыяланып турат. Көбүнчө бул маалыматтарды регион жетекчилери, райондук администрациялардын өкүлдөрү, жергиликтүү маалымат каражаттары, ошондой эле каза болгон кишилер окуган окуу жайлар жана алардын туугандары билдиришет.

Би-Би-Си, "Медиазона" жана ыктыярчылар тобу бул маалыматтарды изилдеп чыгып, Украинага каршы кеңири масштабдагы согуш башталгандан бери жүргүзүлүп келе жаткан тизмеге кошуп турушат.

Өлүм фактысын ырастоо катары биз Орусиядагы расмий булактарда же маалымат каражаттарында жарыяланган билдирүүлөрдү, туугандарынын постторун, акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы сүрөттөрүн да эске алабыз.

Аскерлердин кайсы бөлүктөн экенин кызмат өтөгөнү тууралуу маалыматтарга же формасындагы айырмалоочу белгилерге карап аныктайбыз. Мобилизациялангандар, ыктыярчылар жана соттолгондор өзүнчө аскердик бөлүк болуп эсептелбейт, бирок биз алардын өлүмүн өзүнчө категорияга бөлүп көрсөтөбүз. Бул кесипкөй (келишимдик) аскерлердин жоготуулары менен салыштыруу үчүн жасалат.

"Медиазона" басылмасы Орусия бийлиги тарабынан "чет элдик агент" деп таанылган.