Украинадагы согуш: шейшембиде орусиялык соккулардан 27 адам каза болгону кабарланды

Сүрөттүн булагы, @mvs_ukraine
Шейшемби күнү Украинанын ар кайсы аймактарына жасалган Орусиянын жапырт соккуларынын натыйжасында 27 адам каза болуп, кеминде 120 киши жаракат алганын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский мурдараак жарыялаган, шаршемби күнү түн ортосунда күчүнө кирген "жымжырттык режиминен" кийин Украинанын бир нече аймактары аткылоого кабылган.
"Запорожьенин өзүндө эле орусиялыктар бир учурда авиабомбалар менен 12 жай тургунду өлтүрүштү. Днепрге жасалган кечиндеги соккунун кесепетинен 4 адам каза болуп, 16 адам жаракат алды. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", - деп жазды Телеграм каналына ички иштер министри Игорь Клименко.
Анын айтымында, соккулар жарандык жана энергетикалык инфраструктурага, ошондой эле куткаруучулар менен медиктерге багытталган.
Запорожье облусунда 6-май аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Орусия бийлиги Днепропетровск облусунун төрт районуна чабуул жасаганын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы билдирди.
Кривой Рог районунда инфраструктура жабыркаса, Никополь районунда административдик имарат, мейманкана, турак жайлар жана автоунаалар зыянга учураган. Мындан тышкары, куткаруучулардын маалыматына караганда, көп кабаттуу үйдө жана жеке турак жай секторунун аймагында өрт чыккан.
Соккулардын кесепетинен Днепропетровск облусунда да төрт адам каза болуп, дагы 19 адам жаракат алганын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шаршемби күнү эртең менен Сумы облусунда Орусиянын дронунун соккусунан кадимки жарандык унаанын жүргүнчүсү набыт болгонун облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.
Унаанын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жаткырылганын Григоров кошумчалады.
Сумы облусу Орусия менен чектешет жана дээрлик күн сайын орусиялык дрондордун чабуулуна кабылат. Орусиялык аскерлер мындай соккулар боюнча комментарий беришпейт.
Украинанын Аба күчтөрүнүн эртең мененки маалыматына караганда, шейшемби күнү кечинде жана шаршембиге караган түнү орусиялык аскерлер Украинага 108 учкучсуз аппарат менен чабуул жасап, анын 89у атып түшүрүлгөн.
Маалыматтар шейшемби саат 18:00дөн шаршемби эртең мененки 8:00гө чейинки мезгил үчүн берилген. Түн ичинде Аба күчтөрү Харьков, Павлоград, Изюм шаарларында дрондордун чабуулу, ал эми Сумы, Харьков, Донецк жана Запорожье облустарында башкарылуучу авиабомбалардын сокку уруу коркунучу бар экенин кабарлаган.
Запорожье облусунда, облустук аскердик администрация билдиргендей, түн ичинде өнөр жай объектисине чабуул жасалып, эч ким жабыркаган жок. Ошондой эле түн ичинде Харьковдун Новобавар районуна сокку урулганы катталып, эки адам жабыркап, үч жеке үй зыянга учураган. Херсондо дрондор көп кабаттуу турак жайларга чабуул жасап, соккулардан улам чыккан өрттүн кесепетинен үч адам жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы билдирди.
Киев убактысы боюнча түн ортосунда Украина президенти Владимир Зеленский жарыялаган "жымжырттык режими" күчүнө кирген. Орусия Жеңиш күнүн майрамдоого карата 8-9-май күндөрү ок атууну токтотууну жарыялаган.
Сибига: Москва дагы бир жолу согуштук аракеттерди токтотуу боюнча реалдуу жана адилеттүү чакырыкты четке какты
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига X социалдык тармагында Орусия Украина тарабынан 5-майдан 6-майга караган түнү сунушталган ок атууну токтотуу режимин бузганын жазды.
"108 учкучсуз аппарат жана 3 ракета колдонулган орусиялык чабуулдар түнү бою жасалды. Анын ичинде Харьков жана Запорожьеге жасалган эртең мененки соккулар менен уланды", — деп айтылат анын билдирүүсүндө.
Анын айтымында, бул Москва тынчтыкты четке кагарын жана "анын 9-майга карата ок атууну токтотуу боюнча жалган чакырыктарынын дипломатия менен эч кандай жалпылыгы жок" экенин билдирет.
Украинанын ТИМ башчысы "санкциялардын жаңы айлампалары, изоляциялоо, жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартуу жана Украинаны бардык тармактарда колдоону күчөтүү" аркылуу Орусияга кысымды арттырууга чакырды.
Орусия бийлиги Крымга жасалган соккудан беш адам каза болгонун билдирди
Аннексияланган Крымдагы Жанкой шаарына жасалган дрондордун чабуулунун натыйжасында беш адам каза болгонун Москва тарабынан дайындалган жарым аралдын башчысы Сергей Аксенов билдирди.
"Тилекке каршы, душмандын учкучсуз аппараттарынын Жанкойго жасаган соккусунан жарандык калк арасында жоготуулар бар - беш адам каза болду", - деп жазды ал социалдык тармактарда.
Буга чейин Орусия бийлиги Крымга жасалган украиналык дрондордун чабуулунун мизи кайтарылганын кабарлаган.
Өткөн түнү абадан коргонуу каражаттары украиналык 53 учкучсуз аппаратты атып түшүрдү деп билдирет Орусиянын Коргоо министрлиги.
Мекеменин ырастоосунда, дрондор Белгород, Брянск жана Курск облустарында, Москва чөлкөмүндө, аннексияланган Крымда жана Кара деңиздин акваториясында атып түшүрүлгөн.
































