Украинадагы согуш: үч күндүк тыныгуудан кийин атышуулар жанданды

Сүрөттүн булагы, Valentyn Ogirenko/REUTERS
Украин бийлиги өткөн түнү Киевге, Киев облусуна, Днепр шаарына жана Житомирге абадан сокку урулганын билдирди.
"Такталган маалыматтар боюнча, Оболонь районундагы 16 кабаттуу турак үйдүн чатырына учкучсуз учуучу аппараттын сыныктары кулап, өрт чыгып, ал өчүрүлдү. Имараттын техникалык кабатынын чатыры жабыркады. Башка кыйроолор катталган жок. Азырынча медициналык жардам сурап эч ким кайрылган жок", - деп жазды Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Telegram баракчасында.
Днепр шаарына Орусия тараптан урулган жаңы соккуларда бир адам каза тапты.
Днепропетровск облусунда дагы бир адамдын өлүмү катталды. Ал эми Донецк жана Херсондогу атышууларда үч адам каза таап, 18 киши жарадар болду.
Житомирдеги чабуулдарда адам өлүмү катталган жок.
Владимир Зеленский: "Орусия жарым-жартылай тынчтыкты токтотууну тандады, биз да ага жооп катары окшош аракеттерге өтөбүз", - деп билдирди.
Анын айтымында, өткөн түнү Украинанын аймагына 200дөн ашык сокку уруучу дрон колдонулду. Ошондой эле 80ден ашык авиабомба ташталып, 30дан ашык аба соккулары катталды.
12-майда АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган үч күндүк ок атышууну токтотуу режими аяктады. Орусия менен Украина 9-май Жеңиш күнүнө карата кыска мөөнөткө тыныгуу алышкан эле.
Тараптар бири-бирин ок атышууну токтотуу режимин бузду деп айыпташканы менен, бул күндөрү массалык соккулар болбогонун моюнга алышты.
Кыска мөөнөттүү жарашуунун алкагында "1000ге 1000" формуласы боюнча туткундарды алмашуу макулдашышкан. Бирок ал азырынча ишке аша элек. Расмий Киев бул тууралуу сүйлөшүү процесси уланып билдирди.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков 11-майда аскер туткундарынын тизмесин макулдашуу "татаал жана узак процесс" экенин айтып, "бул иштер жакынкы убакта жыйынтыкталат деп үмүттөнөбүз", -деди.
































